Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев үй камагына чыкты

Бишкектин Свердлов райсоту 2020-жылдын 31-декабрында мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Жогорку соттун басма сөз кызматы бышыктады. Буга чейин Жогорку сот Свердлов райсотунун айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн болчу.

Жогорку соттун басма сөз кызматкери Чынара Мамытканова жактоочу тарап Мусакеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган. Анын айтымында, Мусаеев «мурда соттолбогондугуна, туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү жана жашы жете элек курактагы балдары бар экендигине» байланыштуу абактан бошотулган.

Соттун чечимине УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы — «өтө оор эмес кылмыштарга» айыпталгандыгы да таасир эткен. Учурда Свердлов райсоту бир нече жыл президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп иштеген Мусакеевдин ишин кароону улантып жатат.

9-декабрда Жогорку сот Мусакеевге карата сот өкүмүн жокко чыгарып, иштин материалдарын жаңы курамда кайрадан кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберген. 2019-жылдын май айында ушул эле сот Мусакеевге карата айыптоо өкүмүн угузуп, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Мусакеевдин иши

Дамир Мусакеев 2016-жылдан тартып УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп иштеп келген. Сооронбай Жээнбеков президентикке келгенден кийин Мусакеев бул кызматтан бошотулган.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Отставканын расмий туюнтмасы «берилген арызына ылайык [...] бошотулган» деген мүнөздө айтылган.

Мусакеев кызматтан алынгандан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп иштей баштаган.

2019-жылдын февраль айында Мусакеевге каршы УКМКнын кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ошол кездеги КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.

Жолдубаева Мусакеевге карата козголгон иште «саясий себеп» бар деп билдирген. Бул жөнүндө Мусакеев журналисттерге кыймылсыз мүлкүн көрсөтүп чыккандан кийин өзү да айткан болчу.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Мусакеев 20 млн сомго кыймылсыз мүлк сатып алган. Көзөмөл органы мүлктүн баасы Мусакеевдин дагы, анын туугандарынын дагы тапкан кирешесинен ашып өтөт деп билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2016-2017-жылдары УКМКНын 9-кызматын жетектеп турганда, кызмат абалынан кыянат пайдаланып өзүнө жакын кызматкерлердин арасында батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн.