Уюштуруу комитети Жапаровдун инаугурациясы боюнча программасын өзгөрттү

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 22-январдагы жыйында Садыр Жапаровдун инаугурациясынын программасына бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизгенин маалымдады.

Так кесе кандай өзгөртүү жана толуктоолор киргизилгенин уюштуруу комитети тактап айтып берген жок. Бирок басма сөз кызматтан тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлганын белгилешти.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров инаугурациясына кетчү чыгымдарды кыскартып, ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүүнү чечкен. Буга чейин Жапаровдун кызматка киришүү салтанатына жок эле дегенде 10 млн сом коротулары айтылган. Бул тууралуу 22-январда президенттик аппараттын башчысы Нургазы Анаркулов айтып берген.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Төш белги жана штандарт тапшыруу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.

Бишкекте 21-январь күнү эртең менен «Ала-Арча» мамрезиденциясы менен филармонияны байланыштарып турган Манас проспектиси жабылган болчу.

Ошондон улам Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жол тыгындары көбөйүп, бул шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан. Кийинчерээк Патрулдук милициядан Жапаровдун инаугурациясына ушинтип даярдык көрүлүп жатат деп түшүндүрүшкөн.

Ведомстводон айрым көчөлөр кийинки күндөрү дагы тосуларын кошумчалап, шаардыктар жана Бишкектин коноктору кыймылын пландап алышы үчүн жолдорду жабуунун графигин жарыялоону убада кылышкан.