«Мончодо өспүрүмдү зордуктаган бала ушул» деп окуяга тишеси жок тургундун сүрөтүн тараткан киши табылды

Иллюстративдик сүрөт

«Мончодо өспүрүмдү зордуктаган бала ушул» деп соцтармактарга 16-18 жаштагы баланын сүрөтүн тараткан тургундун ким экени аныкталды. Ал Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 26-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал уюлдук телефон номери аркылуу табылган жана ал соцтармакта «Интернет» деген ат менен отурары аныкталды. Ал тергөө кызматына жеткирилди. Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси менен катталды.

Ал эми текшерүү иштеринин жыйынтыгында соцтармактарга тараган сүрөттөгү бала Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жоктугу аныкталды.

Мындан сырткары, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

«Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоону суранат, такталбаган жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздар», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мончодо зордукталды деген өспүрүмдүн окуясы

Буга чейин социалдык тармактарда болжол менен «20 жаштагы жигит мончодо өспүрүм баланы зордуктап жатат» делген видео тараган. Анда өспүрүмдүн кыргызчага окшогон сөздөрдү сүйлөп, зордукчудан жаман жорукту токтотууну суранган. Бул тасма коомчулукта кызуу талкууга алынып, милиция бул окуяны иликтеп жатканын маалымдаган.

Ички иштер министрлиги ошол эле күнү мончодо зордукталган өспүрүм боюнча окуя Кыргызстанда болбогонун кабарлаган. Мындан сырткары ведомство окуя мындан бир-эки жыл мурун орун алып, бул факты боюнча айыптуу жоопкерчиликке тартылганын белгилеген.

Ошондой эле, окуянын чоо-жайын тактоо максатында коңшу мамлекетке сурам кат жибергендигин кошумчалаган.

Анткен менен интернет колдонуучулар соцтүйүндөр аркылуу белгисиз кишилердин сүрөттөрүн салышып, «ушул жигит экен» деп, алтургай аудио маалыматтарды да таратышкан.

Көп өтпөй ИИМ сурам катка жооп келгендигин белгилеп, мончодо зордукталган өспүрүмдүн тасмасы Орусиянын Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында тартылгандыгы боюнча расмий маалымат таратты.

Тема боюнча:

Мончодо зордукталган өспүрүмдүн окуясы Кыргызстанда болгон эмес — ИИМ

ИИМ: Мончодогу зордуктоо Алтайдагы Кош-Агач айылында болгон