Жапаровду кортеж коштомой болду. ИИМ жолду бир нече секундга гана жабууну убадалады

ИИМ жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясында кортеж болот деп билдирди. Ведомство ишендиргендей, бул күнү Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилеринде «транспорт кыймылы чектелбейт». Алардын айтымында, башкы жолдо жана кесилиштерде кыймыл «кадимкидей эле болот».

«Эң негизгиси атайын кортеж өтүп бараткан убакта гана бир нече секундага гана кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот, кыймылда бараткан автоунаалар жолдун четине бир нече секундга гана токтойт», — деп белгилешти ведомстводон.

Алардын айтымында, ИИМдин бөлүмдөрү бул күнү күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 2500 кызматкер тартылат.

«ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдордун боюнда калтырып кетпөөңүздөрдү жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

ИИМ Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоо боюнча чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга дагы чакырды.

Жапаровдун инаугурациясы

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаров 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңгенин расмий түрдө 20-январда билдирген. Кийинчерек анын инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөрү кабарланган.

Алгач иш-чарага 10 млн сомдой коротулары айтылган.

21-январда Бишкектеги Манас преспектиси даярдык көрүү үчүн жабылып, автотыгындарын пайда кылган. Буга шаардыктар нааразычылыгын билдиришкен болчу. Кийин патрулдук милиция, жол Жапаровдун инаугурациясына репетиция кылуу үчүн жабылганын билдирген.

Бирок, коомдун нааразычылыгынан кийин жолдор жабылбай, инаугурацияга 8,5 млн сом кетет деп ишендиришкен.

«Ал [Садыр Жапаров] инаугурацияны жупуну өткөрүүнү чечти: жолдорду жаппай, ашыкча каражат коротпой. Ал эл кыйналып жатканда мындай нерселер кереги жок деп айтты. Ушуга жараша, азыр [аземдин] сценарийи өзгөртүлүп жатат», — деп айткан президенттин аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов.