ТИМ «Аэрофлоттун» каттамдарды токтотуу чечими боюнча комментарий берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык «Аэрофлот» авикомпаниясынын Бишкек жана Ош шаарларына каттамдарын токтотуу чечимине байланыштуу билдирүү таратты.

Министрлик авикомпаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип, аба каттамдары токтобойт деп билдирди.

«“Аэрофлот – Россия аба жолдору” авиакомпаниясынын Бишкектеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, азыркы учурда аталган авиаташуучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейстер мурдагы режим боюнча улантылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечим COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчүлүк авиакаттамдардын токтотулуусуна чейин бекитилип жана аткарылып турган күнүмдүк рейстерге карата кабыл алынган», — деп белгиледи ТИМдин басма сөз кызматы.

Министрликтин маалыматына караганда, азыркы учурда «Аэрофлот» жума күндөрү «Москва — Бишкек — Москва» каттамы боюнча 1 үзгүлтүксүз рейс, ал эми «Москва — Бишкек — Москва» жана «Москва — Ош — Москва» каттамдары боюнча күн сайын чартердик рейстерди аткарууда.

Мындан сырткары, ушул эле авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын башка шаарларына эки багытта чартердик рейстерди аткарып жатат.

«Мында, россиялык тарап менен эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз авиарейстердин санын көбөйтүүгө багытталган сүйлөшүүлөр улантылууда», — дешти ТИМден.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары

Орусия чыгуучу жана гумжардамдан башка кыргызстандык учактар үчүн аба жолдорун бир жыл мурун, 2020-жылдын март айында эле жаап койгон. Туруктуу аба каттамдары 2020-жылдын 21-сентябрында гана «Аэрофлот» компаниясы тарабынан жандандырылган.

Орусияда жүз миңдеген кыргызстандык эмгектенет, алардын көбү эки өлкөнүн ортосунда учак менен каттайт. Мындан улам аба чек аралары ачылары менен билеттерге болгон муктаждык кескин өсүп кеткен. «Аэрофлоттун» кеңсесинин алдында узун кезектер жаралып, ал эми билеттер бир ай алдыга сатылып алына баштаган. Кийин Орусиянын «Урал аба жолдору» компаниясынын каттамдарды жандандырылган, бирок ал билеттерге болгон суроо-талапты камсыздай алган эмес.

Каттамдар азайгандан улам билеттин баасы учак каттаган шаарларга жараша бери дегенде эки эсе кымбаттаган. Республиканын жарандык авиация агенттиги баалардын өсүүсүнө эч кандай чара көрө албасын, ал Орусия тарап аба каттамдардын санын көбөйткөндө токторун билдирген.

Бирок баалардын өсүшү финполдун көңүлүн бурду. Авиакассалардын биринде билеттин баасы беш эсе кымбат сатылып жатканы аныкталып, бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Финпол башка авиабилет сатуучулар тарабынан дагы бааларды жогорулатуу болбошун көзөмөлгө аларын билдирген.