Депутат Марлен Маматалиев Оштун мэри болууга ниети жоктугун билдирди

Депутат Марлен Маматалиев Ош шаарынын мэри болууга кызыктар эместигин билдирди. Маматалиев соцтармакка тараган маалыматтарды «кандайдыр бир күчтөрдүн көрө албастыгы» деп божомолдоду.

«Мэрликке бара турган оюм жок. Андай план деле жок болчу, эч кандай сүйлөшүүлөр деле болгон эмес», — деди Маматалиев.

Мындан сырткары Маматалиев Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов «кыска мөөнөттө жакшы иштегенин» белгиледи.

Буга чейин Мирлан Кубатбекович аттуу фейсбук колдонуучусу Сарыбашовду кызматынан кетирүү үчүн «чоң нааразычылык акциясы» өткөрүлө турганын билдирген. Митинг 3-февралга белгиленген болчу.

Ошондой эле соцтармактарда Сарыбашовдун ордуна Маматалиев дайындалышы мүмкүн деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк митинг тууралуу кабар фейсбуктан өчүрүлгөн.

Өткөн жылдын октябрь айында Ош шаардык кеңешинин депутаттары Сарыбашоовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматан алууну сунушташкан. Депутаттар бул кадамга парламенттик шайлоо жана анын натыйжасындагы саясий кризистен кийин барышкан.

Сарыбашовдун кабинетин «Душка» каймана аты менен белгилүү болгон экс-депутат Дүйшөн Төрөкулов ээлеп, өзүнүн Оштун жаңы мэри деп жарыялаган. Көп өтпөй Сарыбашов өз кызматына кайткан. Ал эми Төрөкулов «Коррупцияга» шектелип, 15-январда УКМК тарабынан колго түшкөн.