Премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы 1-февралда премьер-министрликке Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат. Мариповдун талапкерлигин «Республика — Ата-Журт» фракциясы сунуштады.

Мурдагы премьер-министр Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктары 21-январда токтогон. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин расмий жарыялаган.

Марипов мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун 2001-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары баштаган. Кийинчерээк ал Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп иштеген. Ошондой эле ал 2006-жылдан тарта президенттин администрациясында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да эмгектенген.

2011-2015-жылдары Марипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кийинчерээк президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдын март айынан тарта ал Эсептөө палатанын төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Ош облусунун Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери. Ал эми анын бир тууганы Бакытбек Марипов 2020-жылдын 16-ноябрында Ноокат районунун акими болуп дайындалган.

Ошондой эле ал экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы болгону айтылууда. Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.