Коронавирус боюнча республикалык штаб убактылуу ССМге өткөрүлдү — Сурабалдиева

Өкмөттүн басма сөз кызматы COVID-19 боюнча Республикалык штабды саламаттык сактоо министринин м.а. Алымкадыр Бейшеналиев жетектей турганын маалымдады.

Бул тууралуу вице-премьер-министрдин м.а. Элвира Сурабалдиева штабдын кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө вице-премьер-министрлердин кызматтары жоюлуп жаткандыктан штабды жетектөө убактылуу штаб башчысынын орун басарына, тагыраагы, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучуга өткөрүлүп жатат.

Ошол эле учурда, жай турмушка кайтууга эрте экенин, коңшу мамлекеттерде коронавирустун жаңы штаммы табылганын белгилеп, өткөрмө пункттар менен аэропорттордо коопсуздук эрежелерин күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана Финансы министрликтерине калкты коронавируска каршы эмдөө маселесин тездетүү тапшырмасы берилди.

Атап айтканда, өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү учурдагыдан бир топ айырмаланат.

Жаңы өкмөттө төрт вице-премьер-министрдин ордуна болгону экөө гана болот, министрликтердин саны 12ге чейин кыскарат. Мындан тышкары, Марипов сунуштаган министрлер кабинетинде Элвира Сурабалдиевага кызмат берилген эмес.

«Оор убакта келдим. Баары убактылуу экенин билгем. Бул тууралуу алдын ала сүйлөшүлгөн болчу», — деп билдирди ал твиттеринде.

Элвира Сурабалдиева депутаттык кызматын таштап, вице-премьер-министрлик кызматына 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген. Аталган окуяларга Сурабалдиева өзү да жигердүү катышкан. Анда ал Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп, Садыр Жапаровду легитимсиз премьер-министр деп атап жүргөн.

Андан соң, парламент Жапаровду премьер-министр кызматына бекиткенден кийин, ал депутаттык мандатын тапшырып, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин кызматына бекитилген. 4-февралда Сурабалдиева бул кызматта иштегенине 100 күн болмок.

Бейшеналиевдин «муздаткычтары»

Жаңы келе турган өкмөттүн алдын-ала версиясына ылайык, Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бешеналиев өз ордунда калат. Ошол эле учурда, Бейшеналиев ведомстого байланышкан маалыматтардан адашып, сөзүнөн жаңылгандыгы үчүн бир нече жолу сынга кабылган.

Анын акыркы жаңылыштыгы COVID-19 вакциянасына байланыштуу болгон. Бейшеналиев алгач коронавируска каршы вакциналарды сактоочу муздаткычтар менен USAID камсыздайт деп билдирип, көп өтпөй бул сөзүнөн баш тарткан.

Кийин ал жабдууну кыргызстандыктар үчүн UNICEF сатып берет деп билдирген. Бирок, уюмдун өзү аларда мындай план жок экенин айткан.

Анда Сурабалдиева ага эскертүү берип, Бейшеналиевдин «ойлобой айткан сөздөрү» үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кечирим сурайт деп билдирген.