Ошто эки милиционерди курал менен атып качып кеткен тургун кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда эки милиционерди атып, изин жашырып кеткен тургун кармалды. Ал аталган райондун Биринчи-Май айылынын 46 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ош ОИИБиден шектүү алгачкы суракта тагылган айыпты моюндады деп билдиришти.

«Шектүүнүн көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгон экен. Мындан улам мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралын алып келип, түндө милиционерлерди атып жибергендигин билдирди», — деп маалымашты милициядан.

Маалыматка ылайык, шектүү окуядан соң кийип жүргөн кийимин жана куралдын бөлүктөрүн мешке салып өрттөгөн. Андан соң ок атуучу куралдын калган бөлүгүн дарбазанын түтүгүнө салып жиберген. Тинтүү иш-чарасынын алкагында жашырылган куралдын бөлүктөрү табылган.

Буга чейин Кара-Кулжа районунда 13-январга караган түнү азиат тектүү белгисиз киши 16-калибрдеги мылтык менен эки милиционерди атып, качып кеткендиги маалымдалган. Жабырлануучулар Кара-Кулжа РИИБинин жашы жете электер менен иштөө боюнча милициянын инспектору жана кенже лейтенанты болушкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен катталып, ыкчам тергөө жана издөө амалдары жүргүзүлүп жаткан. Жарадар болгондор жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Кийинчерек милиционерлер денесинде калган чачма окторду алдыруу үчүн Бишкектеги ооруканага которулушкан. Кызматкерлердин бирине 72 чачма ок тийген, 10 чактысын алууга мүмкүн болгон эмес. Ал эми экинчисине 50дөн ашык чачма ок тийип, анын да денеси октон толук тазаланган эмес.

Тема боюнча:

Ош: Белгисиз адам милиционерлерди атып, эки адам жарадар болду

Ош: Белгисиз адамдын огунан жарадар болгон милиционерлер Бишкекке которулду