Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынан чыкты, бирок фракцияда калды

Депутат Сайдулла Нышанов 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» партиясынан чыкканын маалымдады. Анын айтымында, депутаттык ишмердигин фракцияда уланта берет.

Бул маалыматты «Клоопко» партиянын өзүнөн дагы тастыктап беришти.

«Эгер ал [Нышанов] фракциядан өз калоосу менен кете турган болсо, анда мандатынан ажырайт», — деп билдиришти «Ата Мекен» партиясынан.

Нышанов партиядан эмне себептен кеткенин айткан жок, бирок 24.kgнин маалыматы боюнча, ал партиядан «лидердин гана каалоосу менен иштеп сүйлөгүсү» жана «ички авторитаризмди» колдогусу келбегендиктен кетүүдө.

Сайдулла Нышанов биринчи жолу депутат болуп 2005-жылы үчүнчү чакырылышка келген. «Ата Мекендин» тизмеси боюнча, парламентке ал бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты болуп эки жолу өткөн. Анткен менен Нышанов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын парламенттик шайлоосунда «Кыргызстан» партиясы менен аттанып, тизмеде 71-талапкер болгон.

Партиянын ыдырашы

Бул «Ата Мекенден» депутаттар кетип жаткандагы алгачкы эле учур эмес. 2021-жылдын январында партиядан лидери Өмүрбек Текебаев кеткен. Андан тышкары, депутат Гүлнара-Клара Самат дагы чыккан — ал «фракциянын ишине катышпаганы үчүн» чыгарылган.

Ал эми 2019-жылдын аягында Алмамбет Шыкмаматов дагы Өмүрбек Текебаев менен келише албай депутаттык мандатын тапшырып, партиядан чыгып кеткен.

«“Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү. Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору», — деп билдирген ал «Азаттыкка».

Шыкмаматовдон тышкары партиянын катарынан дагы төрт депутат чыккан — Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мырзаматов жана Болот Шер.«Ата Мекен» — өлкөдөгү жападан-жалгыз оппозициячыл партия. Узак жылдардан бери саясатчы Өмүрбек Текебаев анын лидери болуп келген.

Бирок 2021-жылдын 5-январында ал ыйгарымдарын тапшырып, фракциядан чыгып кеткен. Бул аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча сот териштирүүлөрүнүн шартында болгон.

Административдик сот Борбордук комиссия ага депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деп чечкен. Кийинчерек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Текебаев өзү сот чечимине макул болбой, «мандатын тартып алышканча» депутаттык ишин уланта берерин билдирген.

«Ата Мекендин» жаңы лидери болуп депутат Айсулуу Мамашева шайланган.