БШК Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча шаардык соттун чечимин даттанды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев комиссия Бишкек шаардык соттун депутат Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу чечимин даттанганын кабарлады.

Анын айтымында, азырынча «Ата Мекен» партиясынын лидери парламентте калат.

«Эгер Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциялардын токтомдорун колдосо, анда ушул учурда гана Текебаев Жогорку Кеңештин депутаты макамынан ажыратылат. Мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет», — деди Кайрат Осмоналиев.

Бишкек шаардык соту 25-декабрда Административдик соттун Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечимин күчүндө калтырган.

Текебаев өзү сот чечимине макул эместигин билдирип, аны «саясий жүйөөлүү буйрук» деп атаган. Саясатчы Kaktus.Mediaга курган маегинде сотко кайрылбасын жана «мандатын алып коюшканга чейин» депутаттык ишин улантарын билдирген.

«Мыйзамда мандат номер боюнча эмес, кийинки турган же кезектеги талапкерге берилет деп жазылган. Мен талапкерлер тизмесинен чыккан эмесмин, демек мен кезектеги талапкер болчумун. Эгер актоо өкүмү чыгарылса, анда сот БШКны мандатты кайтарып берүүгө милдеттендирмек, ошондо БШК кимдин бирөөнүн мандатып тартып алмак. Бирок мындай чечим чыккан эмес», — деп билдирген саясатчы.

Мурдараак БШКнын аракетине даттанып Административдик сотко арыз берген активист жана пэт Темирлан Ормуков фейсбук барагында кийинки кадамы менен Текебаев катышкан Жогорку Кеңештин чечимдеринин бардыгын жокко чыгартуу үчүн Конституциялык палатага кайрыларын жазган.

«Мен 15-октябрдан бери Текебаев катышкан актылардын баарынын үстүнөн даттанам, мунун баары мыйзамсыз болушу мүмкүн. Анткени ал жерде көчөдөн келген адам [Өмүрбек Текебаев] катышкан», — деп билдирген Ормуков.

Текебаевге мандаттын кайтарылышы

2017-жылы Текебаев коррупция жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, депутаттык мандатынан ажыратылган.

Текебаевде Жогорку Кеңешке кайтып келүү мүмкүнчүлүгү Жогорку сот оппозиционердин буга чейинки инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгаргандан кийин пайда болгон. Ушул тапта Текебаевдин кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Саясатчыга айыптоо өкүмү чыкканга чейин парламентте иштөөгө укугу бар.

Шайлоо комиссиясы 15-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып берип, ал кайрадан парламентке депутат болуп келген.

Мурдараак комиссия ага алтынчы чакырылышта бош орундук жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эле анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидеринин пайдасы үчүн жокко чыгарууну өтүнгөн.

Бишкектин Административдик соту 2020-жылдын 23-ноябрында БШК депутаттык мандатты Өмүрбек Текебаевге мыйзамсыз берип койгон деген чечим кабыл алган. Сот мындай чечимди активист Темирлан Ормуковдун доосу боюнча чыгарган.

Поэттин пикиринде, Текебаев айыпталуучу болуп эсептелгендиктен БШК ага мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу — ага карата актоо өкүмдөрү жок, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.