Жалал-Абадда үч баласы менен изделип жаткан аял табылды

Сүрөт: «7-канал»

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында жашаган Канзаада Аттокур кызы 9-февралда табылды. Ал үйүнөн 15-январда үч баласы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болчу.

«Аттокур кызы балдары менен Ош шаарындагы эжесинин үйүндө жүргөндүгүн айтып, эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирди. Ал изделип жаткандыгы тууралуу маалымат жарыялангандан кийин атасынын үйүнө кайтып келген», — деп билдиришкен Жалал-Абад ОИИБиден «7-каналга».

Буга чейин 30 жаштагы Аттокур кызы 14 жана 3 жаштагы кыздары, 6 жаштагы уулу менен изделип жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Тема боюнча:

Жалал-Абадда 30 жаштагы аял үч баласы менен изделүүдө