Бишкек: Митингчилер Кудайбергеновдун ордуна Тагаевдин мэр болушун талап кылышууда

Бишкек шаардык мэриясынын алдында 10-февралда ондогон кишилер митингге чыгышты. Чогулгандар Бишкек мэринин милдет аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергеновдун талапкерлигине каршы болушууда.

Митингчилер мэрдин м.а. кылып Русланбек Тагаевди коюуну талап кылышууда. Тагаев «Суу-Башаты» ЖЧКсынын директору, ошондой эле, былтыр күздө болгон парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 9чу болуп турган.

Русланбек Тагаев

Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп Бакытбек Кудайбергенов 10-февралда дайындалды. Буга чейин бул кызматта ишкер Эрмек Нургазиев бир күн иштеген.

«Мекенчилдердин» Бишкек мэрлигине күрөшүүсү

Төрөхан Жунусбеков

Буга чейин 2020-жылдын октябрь айында «Мекенчилдин» тарапташтары Нариман Түлеевдин мэр болушуна каршы митинг өткөрүшкөн. Митингчилер Түлеевдин ордуна Садыр Жапаров менен «Мекенчилдин» тарапташы Төрөхан Жунусбековду коюуну талап кылышкан.

Ал эми Жунусбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттары анын талапкерлигин колдогонун айтып, «дүйшөмбүдөн тартып» ишке киришүүгө даяр экенин билдирген. Бирок депутаттар Жунусбековдун талапкерлигин колдобогонун айтышкан.

Кийинчерээк Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ордуна Балбак Түлөбаев коюлган. Ал эми Жунусбеков «Мегакомдун» жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Кудайбергеновдун жер басып алуусу

2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын тургуну Марат Акматалиев «Кактус» басылмасына кайрылып, Кудайбергеновдун аялы Динара Доконова жана Маданият министрлигинин аткаминери Рыскул Боронбаев анын жерин басып алып, үй салып алышканын айткан.

Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэриясы Бактыбек Кудайбергеновдун аялына таандык үйдү бузуу үчүн сотко кайрылган. Бирок соттук териштирүү созулуп, бүгүнкү күндө иш эмне болгону белгисиз.