АКШнын «кара тизмесине» Матраимовдун жубайы да кирди

Тургунова

АКШнын мамлекеттик департаменти 10-декабрда Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго кошуп анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитский тизмесине» киргизди.

Матраимовдун жубайы өзүн Аманда деп атайт. Буга чейин журналисттер Тургунованын соцтармакка жайгашкан сүрөттөрүнөн анын майда-чүйдө буюмдары эле 24,1 миллион сомду түзөөрүн аныкташкан.

АКШ буга чейин, 9-декабрда, Коррупцияны жоюунун жана адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Райымбек Матраимовдун өзүн аталган тизмеге киргизген.

Мамлекеттик департамент жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн.

«Матраимов чет өлкөлүк мурдагы мамлекеттик кызматкер, жемкорлукка, анын ичинде жеке пайда табуу максатында мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу, жеке мүлктү ээлеп алуу, мамлекеттик келишимдерди түзүүгө, жаратылыш ресурстарын казып алууга байланышкан коррупция же паракорлук үчүн жоопкер, кыйыр же түзмө-түз аралашкан адам катары киргизилет», — деп жазылган департаменттин сайтында.

Азырынча Матраимовго жана анын жубайына кандай санкциялар киргизилиши белгисиз. Бирок буга чейин тизмеге киргендерге колдонулган санкциялардын ичинде АКШга кирүүгө визалык чектөө, жада калса Американын банктарынан финактивдерди бөгөттөө чаралары дагы болгон.

Ал эми Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан «Азаттыкка» Матраимовдун санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизилишинин кесепеттерин айтып берген.

Матраимовдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу «дүйнөнүн бардык өлкөлөрү белги алат» деп эсептеген. Ошондой эле АКШнын санкциялык тизмесине түшүү башка мамлекеттердеги дагы санкцияларга алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

«Мындай санкцияга илингендердин АКШдагы мүлкү камакка алынат. Анын Кошмо Штаттарда эч кандай мүлкү же байлыгы жок болушу да ыктымал, бирок табылып калса камакка алынат. Дагы бир маанилүү нерсе – бир катар өлкөлөрдүн өздөрүнүн “Магнитский мыйзамы” сыяктуу санкциялар тизмеси бар», — деген ал.

Ал эми Матраимовдун тарапташтары анын тизмеге киргизилишинде АКШны «кош стандарт колдонууда» деп айыпташты. Алардын бири журналист Элнура Алканова Матраимовго карата санкцияларды «геосаясаттын башталышы жана АКШ, Орусия жана Кытайдын ортосундагы идеологиялык кармаш» деп атады.

ЖМКларга каршы Матраимовдордун сотунда алардын кызыкчылыгын коргоп келген юрист Канатбек Азиз болсо АКШ Кыргызстанга карата «кош стандарт» колдонуп жатат деп билдирди.

Райымбек Матраимов, Аманда Тургунова жана «Магнитский тизмеси» тууралуу кененирээк төмөнкү макалалардан окуңуз:

АКШ Райымбек Матраимовду санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизди

OCCRPнин өкүлү: «Магнитский тизмесине» кирген Матраимовду эми эмне күтөт?

Матраимовдун тарапташтары АКШны «кош стандарт колдонууда» деп айыптады

«Фактың барбы?» Райымбек Матраимовдун жубайынын «майда-чүйдө» чыгымдары

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар