Экс-депутат Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

15-февралда премьер-министр Улукбек Марипов парламенттин экс-депутаты, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиевди өзүнүн кеңешчиси кылып дайындады. Экс-депутат буга чейин Садыр Жапаровду ачык колдоп келген.

Каныбек Осмоналиев жана Жапаровдун колдоосу

Садыр Жапаров абактан бошотулаарда, 2020-жылдын октябрь айындагы баш аламандыктын негизинде бийликке келээрдин алдында Осмоналиев аны митингдерге бир нече жолу колдоп чыккан. Ал тургай 2020-жылдын март айында Осмоналиевди ошол убакта колонияда отурган Жапаровду колдоого арналган митингдин модератору болгондугу үчүн дагы кармашкан.

Андагы митингде тарапташтары Жапаровду бошотууну талап кылышкан — бийлик бул маселени чечүүгө үч күн убакыт суранган. Осмоналиев жана Жапаровдун жакындары бул шартка макул болуп, митингдин катышуучуларын таркап кетүүгө үндөшкөн. Бирок чогулгандар буга макул болбой, бийлик тез арада реакция кылып, саясатчыны абактан бошотсун деген талаптарын айтышкан. Ошол себептүү чогулгандар парламент имаратына барып, милиция аларды кууп таркаткан.

Андан кийин милиция Осмоналиевди жана митингдин уюштуруучуларын кармаган. Аларга карата «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын июнь айында Осмоналиевдин туугандары аны үй камагына коё берүүнү суранышып, ал ооруп жатканын жана дарыгерлердин кароосуна муктаж экенин билдирген. Ошондой эле, алар экс-депутат тергөө абагында коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп кооптонушкан. 27-июнда сот Осмоналиевди 27-июлга чейин үй камагына коё берген.

*Бул баш коргоо чарасы узартылганы же узартылбаганы жана Осмоналиевге козголгон бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш токтогон-токтобогону же ага карата айыптоо өкүмү чыккан-чыкпаганы тууралуу маалымат жок.

Октябрь окуяларынан кийин Осмоналиев Жусуп Баласагын атындагы КУУга ректор болуп барат деген кептер тараган. Анда ЖОЖдун окутуучулары жаңы ректордун дайындалышына каршы чыгып, саясатчыларды университеттин иштерине аралаштырбоого чакырышкан.

2020-жылдын ноябрь айында Осмоналиев Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин курамына кирген.

Каныбек Осмоналиев тууралуу эмне белгилүү?

Курманбек Бакиев президент болуп турган 2007-жылы Каныбек Осмоналиев билим берүү министри болуп дайындалып, 2012-жылга чейин иштеген. Ал эми 2010-2015-жылдары «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Башкы прокуратура 2014-жылы Осмоналиевге каршы «студенттерди ЖОЖго мыйзамсыз кабыл алуу» жана «опузалап пара алуу» айыптары боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, экс-депутат КОСУга 27 абитуриентти кабыл алуу үчүн алардын ата-энелеринен 14 миң доллар алган. Осмоналиев ошондо парламенттин билим берүү жана илим боюнча комитетинин төрагасы болгон.

2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутатты «тагылган айыптар боюнча далилдер табылбагандыктан» актаган. Кийинчерек УКМК актоо өкүмүнүн үстүнөн арызданган, бирок Жогорку сот дагы Осмоналиевди бул иш боюнча актаган.