Президенттин басма сөз катчысы: Жапаровдун муфтийдин отставкасына тиешеси жок

Галина Байтерек

Экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалышы менен отставкасынын айланасындагы чуу жаңы жагдайлар менен толукталууда. Буга чейин социалдык тармактарда бир адам президент менен жолугуп, ал муфтийлик кызматты убада кылганын айткан үн жазуу тараган.

Аудиодогу үн башка экс-муфтий Рахматулла Эгембердиевге таандык делген версия айтылган. Ошондой эле аудиодогу киши Максат Токтомушев кызматынан мыйзамсыз алынганын, буга депутат Арзыбек Бурхановдун тиешеси бар экенин дагы айткан.

*Рахматулла Эгембердиев 2014-жылы муфтий болгон, бирок анын катышуусундагы секс видео тарап кеткенден кийин кызматтан кеткен. Анда Эгембердиев айрым чиновниктер менен атайын кызмат кысым көрсөтүп жатканын айткан болчу. 2015-жылы Эгембердиев 2012-жылкы ажылык сапарды уюштуруу иштерин жүргүзүүдө салык төлөөдөн качууга шектелген.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек аудиожазуу негизсиз, Садыр Жапаров Рахматулла Эгембердиев менен жолуккан эмес деп билдирген.

«Бул маалымат толугу менен чындыкка дал келбей турганын жана ал маалымат чагымчыл мүнөздүү. Айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар», — деп билдирди Байтерек.

Муфтийдин айланасындагы чыр

Экс-муфтий Токтомушев, Садыр Жапаров и жана анын мурдагы адвокаты Акин Токталиев

Байтерекке чейин Садыр Жапаров өзү дагы бир нече ирет муфтий Максат ажы Токтомушевдин отставкасынын айланасындагы чырга, анын ичинде Азыбек Бурхановго байланыштуу оюн айткан. Бирок Жапаров Рахматулло Эгембердиев тууралуу ооз ачкан эмес.

Президенттин айтымында, Макст ажы Токтомушев ага муфтий болуп турган учурунда арызданып кайрылган. Ал убакта Жапаров жөн гана президенттикке талапкер болчу жана шайлоого катышуу үчүн президенттин, премьер-министрдин м.а. ыйгарымдарынан баш тарткан учуру эле.

Токтомушев Жапаровго муфтияттын Аалымдар кеңеши аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан алууну көздөп жатканын, андан сырткары өкмөттүн дин иштерине кийлигишип жатканын айтып даттанган.

«Мен ошол мезгилде өкмөт аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаевге муфтийдин көзүнчө чалып, үн күчөткүчүнө коюп айткам: “Өкмөт муфтияттын ишине кийгилишпесин. “Бардыгына айткын, ошол Дин комиссиясынын башчысына да айткын” деп айттым. (...) Бирок биздин салттуу динди кармаган, динчилдердин башын бириктирип турган, ызы-чуу болбогон адамды койсун” деп ушинтип токтотуп койгом», — деген президент.

Андан кийин Жапаров менен Токтомушев инаугурация алдында жолугуп, муфтий ага кайрадан Аалымдар кеңеши тарабынан болуп аткан бузукулуктарга даттанган. Ошол эле учурда Жапаровго Токтомушев «салттуу динди айтуудан четтеп», ажылыкка кетчү каражаттарды уурдоого байланышы бар болушу мүмкүн делген маалымат түшкөн.

Жапаров парламенттеги мурдагы кесиптеши Арзыбек Бурхановго муфтий менен жолугушууну жана маселени чечип берүүгө көмөктөшүүнү өзү тапшырганын айтып берген.

Бирок Бурханов «жаңылышып» Токтомушев менен эмес, Дин иштери боюнча комиссиянын директору Акин Токталиев менен жолуккан. Кийин Токталиев Бурханов ага Токтомушевди муфтийлик кызматтан алып түшүү керек деп айтканын билдирген.

Жапаров президент болгондон кийин жума намаздардын биринде муфтияттагы эки тарап менен жолугуп, тараптарга апрелде жаңы муфтийди шайлап алууну жана «каржылык бузууларды» териштирүү үчүн бухгалтерди сунуштаган.

«Мен бухгалтер жиберип, ревизиялык комиссиясы менен текшере башташты булар. Текшерип баштаганда чындыгында бул жерде жетишпегендиктер бар экен: 16 млндон 7,7 млн долларын алыптыр дагы, конвертация жасап сомго айлантыптыр. Бул ажылык сапарга баруучулардын акчасы да, тийилбеш керек эле. Анан сомго конвертация болгон акчаны башка банктарга киреше алуу максатында пайызга салышкан экен. Алар былтыр пайызга салып, кайра пайда көргөнгө чейин доллар 15 сомго өсүп кетип — пайда көрмөк түгүл, булар чыгым тартып калып жатышат. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегерегинде болуп кетти», — деген президент.

Ошондой эле, өлкө башчы бул каражаттардын ичинен 155 млн сом 2020-жылдын август айында фирма аркылуу шайлоого катышкан саясий партиянын чыгымдарына колдонулуп кеткенин билдирди. Жапаровдун айтымында, бул каражаттар ажылыкка бара тургандарга жарым-жартылай кайтарылган.

Токталиев экс-муфтийдин баш коргоо чарасын күтүү учурунда. Токтомушев үй камагына чыгарылган.

Февраль айында УКМК Мусулмандар дин башкармалыгын финансылык мыйзам бузууларга шектеген. 10-февралда Максатбек Токтомушев муфтийлик кызматынан отставкага кетип, андан соң кармалган. Анын тарапташтары — анын ичинде Жапаровдун мурдагы адвокаты Акин Токталиев нааразылык акциясына чыгып, дин ишмерин үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Бул окуядан кийин Жапаров өзүнүн мурдагы адвокаты тууралуу пикирин айткан: «Мен ага бардык молдорлорду ынтымакка чакырып, жарандарыбызды туура жолго салып, радикалдык диний көз караштардан алыс бол деген тапшырма бергем. Тилекке каршы, туш-тарапка чачыраган диний чөйрөнү бириктиргендин ордуна, алардын бирөөсүнө мүчө болуп, ушундай чыр-чатак жаратып отурат. Ошондуктан мен аны жумуштан алып, ордуна жаш, энергиясы көп, динди жакшы түшүнгөн адамды дайындадым».

Токталиев болсо Токтомушевдин отставкасы менен ага карата ишти саясий деп атап, өзүнүн ордуна Мамлекеттик дин комиссиянын жетекчилигине келген адистин чынчылдыгын күмөнгө койгон.

«Мени алып, ордума мага коррупциялык схемага аралашууну сунуштаган милиционерди коюшту», — деп айткан Токталиев.

Кийинчерек Токталиев президент «коррупционерлердин туткуну» болуп калды, «алар анын түбүнө жетиши мүмкүн» деп билдирген.

*Садыр Жапаров тууралуу ушундай эле сөздү анын мурдагы тарапташы Орозайым Нарматова дагы айткан. Ал «Жапаровдун айланасында жүргөн кишилер аны аңга түртүп кетээрине шегим жок» деген. «Анткени Жапаров камалганда алардын бири да жанында болгон эмес. Аларга бизге окшогон жаштар Жапаровго топтоп берген электораты гана кызык жана анын репутациясынан пайдалануу гана керек экенин баамдасак болот», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Садыр Нургожоевич батасын берген». Муфтийди алмаштырууга президент өзү макулдугун бергенби?

Жапаров экс-муфтий Токтомушевдин кармалышы боюнча оюн билдирди

«Президенттин саясатын колдойлу». Мурдагы муфтий кайрылуу жасады

«Президенттин атын жамынышууда». Муфтий аны кызматтан алуу аракети болуп жатканын айтты