АКШ элчилиги Райымбек Матраимов кайрадан кармалганын кубаттайт

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кайрадан кармалганын кубаттайт. Матраимов буга чейин күнөөлүү деп табылган коррупция иши боюнча эмес, кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында кармалган.

Дипломатиялык мекеме твиттеринде Америка Кошмо Штаттары Матраимовго карата иликтөөнү жана анын кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы боюнча кармалганын «колдойт» деп белгилейт.

«Биз Кыргызстандын күч органдары менен биргеликте уурдалган кыргыз мүлкүн аныктоо жана далилденсе, кыргыз элине кайтарып берүү үчүн иш алып барууга курсантпыз», — деп айтылат АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Туугандары жардам берди». Алканова Матраимов 2 млрд сомду кайдан таап бергенин айтты

Райым-миллион менен Көлбаевдин кармалышы мафия тууралуу киного окшоп кетти — АКШнын Кыргызстандагы элчиси

Кыргыз ТИМи АКШ элчисинин Матраимов боюнча билдирүүсүнө карата үн катты

АКШ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр