Айсулуу Тыныбекова Украинада өткөн мелдеште алтын тагынды

Кыргызстандык балбан, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча Украинада 28-февралда өткөн мелдеште жеңүүчү болду. Ал финалда украиналык балбан Илона Прокопевнюкту 9:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

«Алтын медалга жетиш үчүн чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты бир ирээт текшерип алдым окшойт. Беттештин динамикасы улам өзгөрүп, жеке өзүм, башкы машыктыруучум жана албетте, күйөрмандарым үчүн оңойго турган жок. Абдан көп адреналин ала алдык! Мени колдоп, мага ишенген адамдарга терең ыраазычылык билдирем», — деп жазды Тыныбекова фейсбук баракчасына.

Аялдар арасындагы күрөштө кыргызстандык дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды, ал эми Мээрим Жуманазарова алтын байгени багындырды.

Украинанын борбору Киев шаарында өтүп жаткан Украинанын мыкты балбандарына жана машыктыруучуларына арналган эл аралык XXIV мелдеши 24-февралда башталган. Ага Кыргызстандын улуттук курама командасынан Айсулуу Тыныбекова — 62 кг, Айпери Медет кызы — 76 кг, Мээрим Жуманазарова - 68 кг жана Назира Марсбек кызы – 57 кг салмактык категорияда катышты. Ал эми балбан кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барды.

Тыныбекова — эркин күрөш боюнча чебер жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ошондой эле, ал күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон.

Балбан кыз UWWнын дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль жеңген.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 5-декабрында кыз-келиндер күрөшүнүн жылдыздарынын арасында өткөн United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңишке жеткен.