Ошто Москвага жасалма авиабилет саткан аял кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош шаарында эки кишиге Орусиянын Москва шаарына жасалма авиа билет саткан тургун кармалды. Ал билеттерди 86 миң сомго саткан. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

«Жасалма билеттин учуу күнү 12-февраль деп жазылган. Сатып алган жабырлануучулар билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барышкандан кийин алданып калганын билишкен. Кармалган аял 22 жашта. Ал мындай ишке карыздарынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу баргандыгын айтты», — деп билдирди Ош ШИИБи.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ал эми шектүү үй камагына чыгарылды. Сот анын кичинекей эки баласы бар экенин эске алды.

Буга чейин өткөн жылдын июлунда он жылдан ашуун издөөдө жүргөн аял кармалган. 50 жаштагы аял он жыл мурун «ири көлөмдө жасалган алдамчылык» боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөгө берилген. Ал бул убакыт аралыгында Орусиянын аймагында изин жашырып жүргөн.