Абдураимов «Ишеним» партиясынын негиздөөчүсү катары кала берет — өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү

Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимов

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып жаткан «Ишеним» партиясы Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимовго таандык эмес. Бул тууралуу «Клоопко» өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова маалымдады.

Кадырбекова билдиргендей, Абдураимов мамлекеттик кызматкердин талабы боюнча партияны жана жеке ишканаларды башкаларга өткөрүп берген. Учурда «Ишеним» саясий партиясынын жетекчиси — Мирлан Ибаков.

«Аталган саясий партияда он чакты киши катталган. Бүгүн мен минюстка барып Абдураимовдун аты дагы эле турат го деп сурасам, ал сайтта негиздөөчү катары кала берет деп жооп беришти. Эгер партияны кайрадан каттоодон өткөрсө гана алмаштырылат, ага чейин негиздөөчү катары тура берет деп түшүндүрүштү», — деди Кадырбекова.

«Ишеним» партиясы 2011-жылы 11-октябрында түзүлгөн. Анын түзүүчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн. Алардын арасында Жарасул Абдураимов да бар. Анткен менен, буга чейин «Ишеним» партиясы да, Жарасул Абдураимов да бир да шайлоого катышкан эмес.

Мындан сырткары, Кадырбекова аталган партияны Абдураимовдун атына байлоо менен административдик ресурс колдонот деген күмөн негизсиз экендигин белгиледи.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Ишеним» партиясынын шайлоого катышуусуна тынчсызданып жаткандыгы тууралуу кабарланган. Маалыматка ылайык, аталган партия админресурс колдонушу мүмкүн.

Ошондой эле, атайын кызмат жергиликтүү кеңештен креслого үмүт кылган «бардык саясий күчтөргө» республиканын бардык мыйзамдарын так сактап, «таза жана ачык-айкын» шайлоо өткөрүү тууралуу эскерткен.

Жарасул Абдураимов

Жарасул Абдураимов 2020-жылдын 19-октябрында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал Алай районунун Гүлчө айылында туулуп өскөн. Кесиби боюнча экономист.

Абдураимов — «Ишеним» партиясын түзгөн жана жетектегендердин бири, Нанотехнологиялар институтунун негиздөөчүсү. Ошондой эле, ал ондон ашык компаниялардын ээси катары катталган. Ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалгандан кийин Абдураимов партияны негиздегендердин тизмесинен чыккан эмес.

Ал эми Мирлан Ибаков — «KGZ SKY GOLD» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Эстейт Силвер» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп саналат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлөт. Боршайком 1-марттын 23:09да шайлоого катышуучу партиялардын документтерин кабыл алууну токтотту. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 27 партия, ал эми Ошко 10 партия документ тапшыргандыгы белгилүү болду.

Шайлоо өлкөнүн 28 шаарында өтөт, анын ичинде Бишкек жана Ош шаары бар. Ошондой эле, 420 айылдык кеңешинде өтөт.

Боршайком 22-февралда шайлоонун сметасын бекиткен — аларды даярдоо жана өткөрүүгө 425,2 млн сом каралган.

Тема боюнча:

УКМК «Ишеним» партиясын админресурс колдонушу мүмкүн деп шектеп жатат