Жалил Атамбаев 50 млн сомдон ашуун акча төлөп, үй камагына чыкты

Ишкер Жалил Атамбаев

Ишкер Жалил Атамбаевдин бөгөт чарасы 4-мартта Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан каралды. Сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Атамбаев мындан эки күн мурда УКМК тарабынан мыйзамсыз баюуга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө даяр экендиги тууралуу өтүнүч келтиришкен.

«Бүгүнкү күндө Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 млн сомдон ашык салган. Калган 50 млн сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди», — деп маалымдады УКМК.

УКМК буга чейин Атамбаев ички иштер органдарында иштеп турган убакта олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, жалпы суммасы 100 млн сомдон ашуун кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарына каттатканын кабарлаган.

Ошондой эле, чогултулган далилдердин негизинде Атамбаевге карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ишкер Жалил Атамбаев тууралуу «Азаттыктын» мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков өткөн жылдын апрель айында «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Тема боюнча:

УКМК: Ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды