УКМК: Ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Ишкер Жалил Атамбаев

Ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул тууралуу 3-мартта маалымдады.

«Ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Атамбаев мамлекеттик кызматта иштеген убакта олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле, чогултулган далилдердин негизинде Атамбаевге карата «мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары башталгандыгы кошумчаланган. Ал эми ишкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жалил Атамбаев

Ишкер Жалил Атамбаев — журналисттик иликтөөнүн фигуранты. «Азаттыктын» мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков өткөн жылдын апрель айында «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Көп өтпөй Атамбаев Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган. Исаковду колдоп журналисттер менен Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да чыгышкан — алардын арасында вице-спикер Аида Касымалиева жана Алтынбек Сулайманов да болушкан.

Кийинчерээк ишкер өз доосун чакыртып алган. Ал эми Финансы полиция Жалил Атамбаевдин ишкерлигин текшерип, анын натыйжасында 40 млн сом салык жашырылганын аныктаган.

Ошондой эле, УКМК өткөн жылдын 12-декабрында өткөн Атамбаевдин уулунун үлпөт тою боюнча териштирүүнү баштаган. Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошол эле учурда коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, 1000ге жакын адамдын катышуусунда үйлөнүү тоюун өткөргөн.

Мындан сырткары, атайын кызмат Атамбаевдин уулу УКМКнын кызматкери болгонун жана ага карата кызматтык иликтөө башталганын кабарлаган.