1-апрелден тарта өлкөдө бардык окуучулар мектепке кайтат — Новиков

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, Коронавирус боюнча республикалык штабдын жетекчиси катары кыргызстандык окуучулардын аралыктан окуусу 1-апрелде аяктай турганы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Бул боюнча билдирүү мектеп билим берүүсүнүн актуалдуу маселелерине байланышкан кеңешменин жүрүшүндө жасалды.

Новиков 9-марттан тартып Бишкекте 2-3-4-класстын окуучулары үчүн офлайн режимде окуу процесси башталарын, ал эми 1-апрелден тартып өлкө ичинде бардык класстар кадимки тартипте билим алууга өтөөрүн айтты.

«Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт», — деп ишендирди ал тармактык министрликтер менен жергиликтүү бийлик органдары «окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу керектигин» кошумчалап.

«Мындан тышкары «мектеп» медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун саламаттык картасы түзүлөт», — деди Новиков.

9-марттан баштап Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар өз ишин жандандырат, ал эми бардык мектептерде башталгыч класстын окуучуларын офлайн-окутууга уруксат берилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлаган. Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окутууну баштоо жөнүндө буйрукка «кол коюлганын» жана бул «мектептерде окутууну баштоонун экинчи баскычы» экенин «Клоопко» билдирген.

Буга чейин Бишкектин калган окуучулары нааразылык акцияларына чыгууга даярданып жаткандары белгилүү болгон — мындайча алар Конституцияда кепилденген билим алуу [дистанциялык форматта эмес, салттуу түрдө] укугун толугу менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалашкан.

Бишкекте мектептерди ачуу

Мамлекеттик мектептерди ачуу маселеси пандемия башталгандан бери талкууланып келе жатат. Мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окууга кеткен.

Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн- окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда.18-январда салттуу окуу режимине Бишкектеги 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кайтып келген. Мамлекеттик бала бакчалар ачылган эмес.

Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатышат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары, балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

Бишкекте 9-марттан тарта бала бакчалар ачылып, башталгыч класстар мектепке барат

Бишкектин вице-мэри балдардын ден соолугуна ата-энелер жооп берерин эскертти

«Балдарга оору жукса дообуз болбойт». Бишкекте ата-энелер мектептерди ачууну талап кылды