Каржы полициясын жоюу үчүн комиссия түзүлдү, 400дөй кызматкер жумушсуз калышы мүмкүн

Өкмөт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (каржы полиция) жоюу үчүн ликвидациялык комиссия түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 9-мартта кабарлады.

Ликвидациялык комиссия каржы полициянын кызматкерлерин кызматтан бошотуу жана тийиштүү төлөмдөрдү төлөп берүү, ошондой эле ведомствонун карыздарынан кутулуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Мындан сырткары комиссия жоюлган мекеменин мүлктөрүн каттап, козголгон иштерди тиешелүү укук коргоо органдарына өкөрүп берет.

«Азаттык» басылмасы жеке булактарына таянып, финполдун 400гө чукул кызматкери ишсиз кала турганын маалымдады. Алардын 300ү офицер, калган 100дөй адам тейлөөчү жана техникалык персонал.

Премьер-министр Улукбек Марипов каржы полициясы «талаптагыдай иштеген эмес» деген жүйө менен ведомствону 5-мартта жоюп салган. Анткен менен мекеменин жоюлушу тууралуу кептер жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенден кийин пайда боло баштаган.

Алгач Каржы полициясы Ички иштер министрлигинине кошула турганы айтылган, бирок Улукбек Марипов бул маалыматты төгүндөгөн.

«Азыр финпол жоюлат же ИИМдин түзүмүнө кирет деп так айтса болбойт. Ведомство ИИМдин түзүмүнө кирбей турганы анык. Бул өзүнчө орган болушу мүмкүн. Бирок текшерүү тармагында маселелер бар, ошондуктан биз ведомствонун функцияларын карап чыгабыз», — деген Марипов Жогорку Кеңештин отурумунда.

Октябрь окуяларынан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматыны «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев жетектеп келген. Ал Жапыкеев Каржы полициясы жоюлат деген маалыматтан кийин ал нааразычылыгын билдирип, фейсбукта «финполду эл колдойт, финпол элге иштейт» деп жазган.

«Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойлойсуңар? Что-то башкача кетип баратат... Достор, финпол жеңилип калабызбы?» — деп суроо салган Жапыкеев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финпол жоюлуп, ИИМге кошулабы? Жапыкеев эмнеге нааразы болуп жатканын айтып беребиз