Садыр Жапаров 11-12-мартта мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө белгиленгендей, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалган. Мамлекет башчылары өз ара кызматташуунун жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

«Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз», — деп президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев билдирди.

Ошону менен бирге, иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруучу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландалганы белгилүү болду.

Мындан тышкары, өлкө башчысынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жапаров кыргыз-өзбек соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында бизнес-форумун да өткөрөт.

Февраль айынын соңунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов иш сапары менен Кыргызстанга келген жана Садыр Жапаров менен жолуккан. Бул жолугушууда Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга болгон алдыдагы сапарын уюштуруу боюнча маселелер талкууланган.

Бул Садыр Жапаровдун президент катары чет өлкөгө болгон үчүнчү жолку иш сапары болот. Буга чейин ал Орусия жана Казакстанга барып келген.