«Салат жеп, шире ичишкен». Кара-Сууда массалык уулануу катталып, эки аял каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки киши тамак-ашка ууланып каза болду — 51 жаштагы жана 58 жаштагы аялдар. Ал эми сегиз киши аймактык ооруканада дарыланып жатат жана 15 кишини үй шартында дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков «Клоопко» каза болгондор ооруканага кеч кайрылгандыгын билдирди.

«Уулангандар 6-мартта 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан аялдын үйүнө барышканда тамак-аштан сырткары, консерваланган “ассорти” салатын, өрүктүн, шабдалынын жана гиластын ширесин ичишкен. Оорунун белгилери эртеси күнү эле пайда болгон, бирок алар үйүндө өз алдынча дарыланып жата беришкен. Ооруканага 9-мартта түштөн кийин гана кайрыла башташкан. Мунун кесепетинен эки киши кайтыш болду», — деди Өмүрзаков.

Мындан сырткары, ал ооруканада жаткан бейтаптардын абалы учурда «орточо» деп бааланып жатканын кошумчалады. Өмүрзаковдун айтымында, бейтаптарга ботулизмге каршы сывораткалар ичирилип, ашказаны жана ичеги-карындары жуулду.

Саламаттык сактоо министрлигинен маарекеде коюлган «Ассорти» салаты, өрүктүн, гиластын ширелери, туздалган бадырың жана өрүктүн кыямы Кара-Суу райондук лабараториясына текшерүүгө алынып келингендигин маалымдашты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бейтаптардын эмнеден уулангандыгы тууралуу белгилүү болоорун билдиришти.

Ботулизмдин белгилери ууланган азыкты кабыл алгандан кийин 2 сааттан 36 саатка чейинки убакытта пайда болот. Көпчүлүк учурда ботулизм курч оору менен коштолот. Ошондой эле дем алуу кыйындайт. Абанын жетишсиздиги өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлигинен ботулизмди алын алуу үчүн кышка консерваланган салат жана ширелерди даярдоодо, бадыраң жана помидорду туздоодо технологиялык эрежелерди жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.

Ал эми каза болгон аялдын жолдошу жана уулу милицияга арыз жазуудан жана маркумдун сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Турмуш басылмасы маркумдар маареке өткөргөн аялдын келини жана досу болгон деп жазды. Ошондой эле, маараке өткөргөн үйдүн ээси өзү да ооруканада дарыланып жаткандыгы кошумчаланган.

Аталган факт Кара-Суу РИИБисине кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери башталды.

Буга чейин 2-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 20га жакын тургуну бир дасторкондо чай ичишип, эртеси күнү алардын ичинен алты киши каза болуп калгандыгы кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча маркумдар суу менен суюлтулган спиртке ууланышкан.

Аксы райондук ички иштер башкармалыгы «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги уулануу белгилери менен дагы 11 киши ооруканага жаткырылганын билдирген.

Тема боюнча:

Аксыдагы уулануу: алты киши каза болуп, 11и ооруканада

«Талапкер чай берген». Аксыда спирттен ууланып өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти

Аксыдагы уулануу: Чайды экс-депутат Алмаз Эргешовдун эжеси уюштурганы белгилүү болду