УКМК Чычкан капчыгайынан күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандарды кармады

Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайынан 30 тонна күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташыган жүк ташуучу унаа кармалды. Аталган факты УКМКнын атайын реестирине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

«Ички күйүүчү кыймылдаткычтарга арналган жеңил көмүртектердин аралашмасы түрүндөгү күйүүчү май компонентиндеги жүк Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок, көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек — Ош жолунундагы Чычкан капчыгайынан кармалган», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин да УКМК Баткен облусунун Лейлек районунда чек арадан күйүүчү майды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген төрт жүк ташуучу унааны кармаган.

Ал эми премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандан мунай заттарын Евразия экономикалык бирлигинин аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган болчу.

Өкмөт бул чечим мунайга жана мунай заттарына болгон бааны ички рынокто турукташтыруу максатында кабыл алынганы менен түшүндүргөн. Чектөө ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Күйүүчү майлоочу каражаттардын баасы эмне үчүн өсүп жатканын бул жактан окуңуз.