Сегизбаевдин штабында иштеген Мээрим Асанова кайрадан сурак берди

Буга чейин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин штабында басма сөз катчы болуп иштеген Мээрим Асанованы кайрадан УКМКга суракка чакырышты. Бул тууралуу Асанова өзүнүн фейсбук барагына жазды.

Сурак берип чыккандан кийин, ал фейк аккаунт аркылуу жарыяланган башка адамдын посттуу үчүн чакырылганын кабарлады.

«Кечээ жолдошум сурак берген, андан мени дагы чакырып коюну өтүнүшкөн экен. Ал жерде 40 мүнөттөй болдум, фейсбуктагы чоочун адамдын посту үчүн чакырыптыр. Эмнеге андай болгону — белгисиз, мага эч ким түшүндүргөн жок. Жолдошумду деле ушул эле маселе боюнча чакырган», — деди Асанова.

Асанова анда ар бир фейк пост үчүн эми мындан кийин да чакырыламбы деген суроо ачык бойдон калганын айтты.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Асанованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын жолдошу кармалган. Асанова «бул өзүм билемдикти» УКМКнын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаевдин штабында иштегени менен байланыштырган.

Коопсуздук комитети Асанованын үйүн тинтип, аппаратураны алып кеткени тууралуу Биринчи май райсотунун токтомуна ылайык, Асанова фейсбукта «улуттар аралык жана аймактар аралык ажырымды козутуу» менен алектенген деп комментарий берген.

Ошол кезде, УКМК кызматкерлери Асанованын үйүнөн тышкары Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Нурзада Токтогулованын жана блогер Юлия Барабинанын үйлөрүн тинтүүгө алган. Бул окуядан кийин Барабина Кыргызстандан чыгып кеткен.

Асанова өзү үйүндө тинтүү жүргөнү боюнча, Токтогулова менен Барабина сыяктуу эле, ага тагылган айыптар чындыкка дал келбеcин айткан.

«Медиа Полиси Институтунун» юристтери УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштерин мыйзамсыз деп сыпатташкан.