Елисеевге лицензия берүү: Саляновага чыккан өкүм жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова сот залында. Сүрөт: Самат Жумакадыров/«Азаттык»

Жогорку сот 23-мартта мурдагы юстиция министри жана экс-депутат Аида Саляновага карата чыгарылган айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберди. Салянова Бакиевдердин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз узартуу» боюнча күнөлүү деп табылып, 2018-жылы май айында беш жылга кесилген болчу.

Быйыл жылдын башында Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова Жогорку сотко кайрылып, кылмыш ишти «жаңы ачылган жагдайлардан» улам кайра кароону өтүнгөн. Бирок алгач анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Ал эми учурда Салянованын иши кайрадан Бишкектин Ленин райондук сотунда карала турган болду.

Салянова жана адвокаттык лицензия

Башкы прокуратура 2016-жылы Салянованы «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыптаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп туруп Алексей Елисеевден соттолбогондугу тууралуу маалымкат сурабастан эле адвокаттык лицензиясын узартып берген.

Салянова адвокаттык лицензия мыйзамдуу узартылганын жана бул иш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «буйругу» деп билдирген. Экс-депутат 2015-жылы башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийин Атамбаевди сындай баштаган.

Мындан сырткары 2016-жылы Салянова Атамбаевдин конституциялык реформаларына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыл депутаттарынын бири болуп калган. Ошол эле жылы анын жолдошу Бакыт Абдыкапаров жети жылга шарттуу кесилген.

2017-жылы Жогорку сот Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми анын жашы жете элек баласы бар болгондуктан жаза өтөө мөөнөтү 2029-жылга жылдырылган.

Ошол эле жылы юрист Алексей Елисеев Салянова менен тааныштыгы жоктугун, 2010-жылы адвокаттык лицензиясы узартылганы менен эч кандай пайда көрбөгөнүн айткан.