Молдокматов: Активист Күрөңовго добуш сатып алуу боюнча да айып такканы жатышат

Саясатчы, «Замандаш» партиясынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Молдокматов «Клооптун» журналистине активист Тилекмат Күрөңовго дагы бир айып коюлганы жатканын маалымдады.

Молдокматовдун айтымында, Күрөңовго 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу боюнча айып коюлганы турат. Ошол учурда Күрөңов Кочкор району боюнча «Республика» партиясы менен шайлоого катышкан. Буга чейин Күрөңовго «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренеси боюнча айып коюлган.

«Биз Тилекматка Кочкор районунан тергөөчү келип, ал добуштарды сатып алган делгендиктен суракка алганын билдик», — деп Молдокматов айтып берди.

Мындан тышкары, Молдокматов милиция кызматкерлери Кочкор районуна келип, парламенттик шайлоо убагында иштеген үгүтчүлөрдү да суракка алганын белгиледи. Саясатчы үгүтчүлөрдөн көрсөтмө басым менен алынганын да айтты, анткени «алардын баары бирдей жооп беришкен».

Ошондой эле, эгерде Күрөңовго добуш сатып алуу боюнча айып коюла турган болсо, анда Молдокматов президент Садыр Жапаровдон 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоону «жыйынтыгы жокко чыгарылган» эмес, добуштар сатылгандыгы үчүн шайлоо жараксыз деп таанышын талап кылат.

Андан кийин Молдокматов атайын комиссия түзүлүшүн, ал иликтөө жүргүзүп, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин баарын добуш сатып алууга текшеришин талап кылат.

«“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын талапкерлери добуш сатып алышкан, азыр болсо башка партиялар менен жергиликтүү кеңештерге өтүүнү көздөп жатышат», — деп саясатчы кошумчалады.

Тилекмат Күрөңовдун иши

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ошондой эле, Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.

Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалган. Бишкек ШИИБ билдиргендей, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

Ошол эле убакта укук коргоо орган кызматкерлери Күрөңовдун үйүн жана «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесин тинтүүгө алышкан. Кийинчерээк сот отуруму өткөрүлгөн. 17-мартта соттун чечими менен активист Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген

Мындан тышкары, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу да Бишкек шаарынын ИИББ тергөө кызматына активист Күрөңовдун иши боюнча «айрым маалыматтарды тактоо» максатында суракка чакырылганын билдирген.

«Ханституцияга каршы» кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов 16-марттын кечинен бери дагы бир активист Нурбек уулу Камчынын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Молдокматовдун айтымында, 16-мартта Камчы Нурбек уулу активисттерге телефон чалып, белгисиз адамдар кармап кеткенин кабарлаган. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес, кайда жүргөнү да белгисиз. Молдокматов 25-мартка карата Нурбек уулу кайда экени боюнча дагы эле маалымат жок экенин ырастады.

Дагы окуңуз:

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?

Активист Күрөңов бир айга камалды. Ал ачкачылык жарыялады