Марипов азырынча эмделбейт, ал коронавирус менен ооруп айыккан

Улукбек Марипов

Премьер-министр Улукбек Марипов азырынча эмдөөдөн өтпөйт. Бул тууралуу «Клоопко» өкмөттүн басма сөз катчысы Толкун Камчыбекова билдирди.

«Премьер-министрдин пикиринде, вакцинаны алгач тобокел тобуна киргендер алуусу кажет — медкызматкерлер, аскерлер жана мугалимдер. Премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле вакцина алууну маанилүү деп эсептейт, ошондуктан ал вакцинаны Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган кезек тартибинде алат. Эмдөөнүн биринчи этабынан кийин оорубаган жана инфекциядан иммунитети жок жарандар вакцина алуусу маанилүү», — деди Камчыбекова.

Ал эми Марипов «Vesti.kg» басылмасына курган маегинде ал коронавирус менен ооруп айыкканын кабарлаган. Учурда ал COVID-19га болгон иммунитетин текшерүү үчүн анализ тапшырды.

«Мен сөзсүз түрдө вакцина алам. Эртең менен антителолорго анализ тапшырдым. Жыйынтык чыгышы менен билинет. Дарыгерлер эгерде антителолор жетиштүү болсо эмдөөнүн кажети жок деп билдиришти. Ал эми эмдөө керек болсо, баары түз эфирде көрсөтүлөт», — деп билдирген Марипов.

Президент Садыр Жапаров дагы эмдөөдөн өтпөйт

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун коронавируска болгон «антителолору жетиштүү болгондуктан» азырынча вакцина албай турганын маалымдаган.

Марттын аягында Кыргызстанга Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген — алар 75 миң кишиге каралган. Вакцинация Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда башталды. Эмдөөдөн биринчилерден болуп медициналык кызматкерлер, мугалимдер, жашы улгайгандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар алышат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 417 киши эмдөөдөн өттү.