Баткенде Чечме аймагында бак отургузуунун айынан пикир келишпестик орун алды

Соцтрамактарга 5-апрелде Баткен облусундагы Чечме аймагында кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан чыр чыкты деген маалыматтар тараган. Бирок Кадамжай районунун акиминин м.а. Абдуманап Жакбаров бак отургузуунун айынан пикир келишпестик орун алганын билдирди.

«Өткөн жылы тополоң болгон жерде жыгачтан коюлган корук бар. Ошол корук бекем болсун деп кыргыз тарап бак отургузган. Ага коңушу өлкө “чечилбеген аймакка бак отургузбагыла” деп каршы болушту», — деп түшүндүрдү Жакбаров.

Райондун башчысы маселени талкуудоо үчүн Өзбекстандын Сох районунун акими менен жолугушууга баратканын маалымдады.

Чечме булагынын маселеси чечиле элек

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 30-мартта Баткен облусунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан менен чек арада «талаштуу жер калган жок» деп маалымдаган. Бирок Чечме булагы чечиле электигин белгилеген. Ошондой эле, Чечмени эки өлкө келишимдин негизинде пайдаланып турарын айткан.

Жолугушуу учурунда жергиликтүүлөрдүн бири Ташиевден Чечме булагынын айланысын тосуп берүүнү суранган. Ал «коңшу өлкөнүн аскерлери тоскоолдук кылгандыктан балдарыбыз сууга баргандан коркот» деп билдирген. Бирок Ташиев «мындан ары тургундарга коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан тоскоолдук болбойт» деп убадалаган.

Өткөн жылдын 31-майында Кыргызстандын Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам чыр чыккан. Натыйжада 25 кыргызстандык жана Сох анклавынын 187 тургуну жабыркаганы кабарланган.

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев: Чечме булагынын маселеси чечиле элек, сууну эки тарап пайдаланат