Сегизбаев 25-майга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевди камакта калтырды. Бул тууралуу Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев 5-апрель күнү билдирди.

Шаардык сот Биринчи май райсотунун 19-марттагы чечимин күчүндө калтырды.

«Абдил Сегизбаев 25-майга чейин камакта калды. Мен аны ТИЗОдо кармоого эч кандай негиз жок деп эсептейм. Ал эч жакка качып кетпейт, бала-чакасы бар, туруктуу жашаган жери бар», — деди Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев.

Президенттикке мурдагы талапкердин жубайы Айнура Сегизбаева соттун чечимин «мыйзамсыз аракет» деп атады. Ал мындай чечим — «Бакиевдердин буйругун аткаруу, алардын чыныгы жүзүн ачкандыгы үчүн өч алуу, реваншизм жана ыңгайсыз атаандаштарды жок кылуу» деп эсептейт.

«25-январда Абдил Сегизбаев айтылуу “Белизгейт” иши боюнча кармалган. Анда адвокат Кантемир Турдалиевдин билдирүүсү боюнча, кылмыштын белгилери таптакыр жок. Бул иш жарандык сотто каралышы керек!», — деп жазган Сегизбаева.

Сегизбаевдин жубайынын айтымында, Сегизбаев Коопсуздук комитетин жетектеп турганда «Мегаком» уюлдук байланыш компаниясынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды аныктап чыккан.

«Белизден келген трасттык документтер 2011-2012-жылдары “Мегакомду” сатуу аракети болгон фактыларды бышыктаган. Эмне үчүн 100%ы эмес, болгону 49%ы улутташтырылганы тууралуу маселени дал Абдил Сегизбаев көтөргөн», — деп белгиледи ал.

Айнура Сегизбаева күйөөсүндө экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп турганда «өзүнүн буй ругу менен “Мегакомдун” активдерин Сергей Сукало (Максим Бакиевдин жакын адамы) аттуу жаранга бекитип бергенин» далилдөөчү документтер бар экенин билдирди.

Ошондой эле, ал шайлоо өнөктүгүнүн учурунда Абдил Сегизбаев КТРК каналындагы түз эфирдеги дебатта Садыр Жапаровго бир нече суроо узатканын эске салды. Анда Жапаровдун «Ысык-Көл Инвестбанкка» кандай тиешеси бар экени тууралуу дагы суроо берилген болчу.

Анын пикиринде, Сегизбаев «Жапаров дайыма бозгун президент Бакиевдин эң жакын адамы болгонун далилдеген».

Сегизбаев эмне боюнча айыпталууда?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

* 2016-жылы Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезинде президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга түзөтүүлөргө каршы чыккан «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбект Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышканын билдирген. Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Бул чуу тарыхка «Белизгейт» окуясы катары кирген. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаев кармалгандан кийин, башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын мурдагы жетекчисине карата алты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

Зулушев кайсы кылмыш иштери экенине токтолгон эмес, болгону иштердин бирөөсүнө байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка алынганын кошумчалаган. Ал Сегизбаевдин кармалышы — саясий куугунтук эмес экенин да кошумчалаган.

Башкы прокурордун билдирүүсүнө жооп катары, Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев анын кардары алты эмес, бир гана кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилгенин айткан.

Адвокаттын «Белизгейт» тууралуу айтканы боюнча, документтерди Сегизбаевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев берген. «УКМКнын башчысы жана генерал катары ал түздөн-түз жетекчисининин жана жогорку аскер кол башчысынын буйругун аткарбай коё алмак эмес» жана ошол себептүү «кызматтык кызыкчылыгына каршы эч нерсе кылган эмес», деп Турдалиев кошумчалаган.

Адвокат Абдил Сегизбаевди эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы дискредитациялоо менен аларды атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, жаманатты кылган деп айыптоону негизсиз деп эсептейт, себеп дегенде саясатчылардын ар-намыс жана кадыр барктарын коргоо тууралуу Сегизбаевге карата жазган арыздары боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими бар.

Мындан тышкары, Сегизбаевдин иштеринин бири боюнча Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева да кармалган. Чодобаеванын жашы жете элек төрт баласы бар, бирок ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Чодобаеванын айылдаштары ага коюлган бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып митингге чыгышкан, бул маселе боюнча акыйкатчы Токон Мамытов да кайрылуу жасаган. Бирок Чодобаева дагы деле УКМК тергөө абагында.

Сегизбаев өзү жана анын жакындары бийликтин аны кылмыш жообуна тартуу аракетин «саясий куугунтук» деп эсептешет. Сегизбаев 10-январда мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн президенттик шайлоого катышып, 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген жана шайлоочулардын 1,46% добушуна ээ болгон.