Маркум Айзада Канатбекованы уурдоого шектелген үчүнчү киши кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан үчүнчү шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Учурда 26 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин Бишкектин милициясы Канатбекованы уурдоого шектелген 36 жаштагы экинчи жаранды кармаган. Ал эми биринчи шектүү 7-апрелде колго түшкөн.

Айзаданын өлүмү

26 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрель күнү эрте мененки саат 7лер чамасында уурдалган. Ал бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Кылмыштын уюштуруучусу — 35 жаштагы Замирбек Теңизбаев, ал Айзадага анын эркине каршы үйлөнүүнү көздөгөн. Теңизбаев буга чейин Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп чыккан.

Окуя байкоочу камерага түшүп калган. Анда аны үч киши кызды мажбурлап кызыл түстөгү Honda Civic унаасына отургузганын көрүүгө болот.

Унаанын номуру жана түсү белгилүү болгону менен милиция кызматкерлери Канатбекованы эки күн бою издеп таба алган эмес. Кийинчерээк, 7-апрелде, Айзаданын сөөгү Аламүдүн районундагы талаада Honda Civicтин ичинен табылган. Аны менен катар унаанын ичинде шектүү Замирбек Теңизбаевдин дагы сөөгү табылган.

Коркунучтуу табылганы жергиликтүү чабан көргөн. Ал бул унаа талаага 5-апрелде эле келип, тыгылып калганын байкаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Теңизбаев маркумду футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, канцелярдык бычак менен өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Бул окуя коомчулуктун арасында нааразычылык жаратып, Бишкектин жана Оштун тургундары шаардык милициянын имаратынын астына нааразычылык акциясына чыгышты.

Бишкекте чогулгандар ички иштер министрин жана шаардык милициянын жетекчилигинин отставкасын талап кылышты. Кийинчерээк митингчилер өкмөт үйүн көздөй барышты.

Алар менен жолуккан премьер-министр Улукбек Марипов, «күнөөлүүлөр жазага тартылаарын» убада кылды. Бирок ал ИИМ менен Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин отставкасы тууралуу так жооп бере алган жок.