«Ачка болчумун». Жалал-Абадда аялын өлтүргөн киши 14 жылга кесилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында аялын мыкаачылык менен өлтүргөн адам 14 жылга эркинен ажыратылды.

Окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон. 1973-жылы туулган жаран 1968-жылы туулган аялы менен уруша кетип, ага бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Ага «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш козголгон.

Соттун өкүмүндө алар 2014-жылдан бери жарандык никеде жашап келгени жазылган.

Кылмышкер сот отурумунда эртең менен эрте туруп, аялына уй сааганга жардам берип, андан кийин Кочкор-Ата шаарына жумуш издегени кеткенин билдирген. Жумуш чыкпагандыктан түш ченде үйүнө бир килограм помидор көтөрүп алып келген. Шектүү бир күн мурда тамактанган боюнча эч нерсе жебей, ачка болгонун айтып, помидорду салат жасап жейин деп дасторконго олтурган. Сотто ал аялы аны жакшы кабыл албай, кагып-силкип, намысына тие турган сөздөрдүн айтканын билдирген.

Шектүү андан ары эмне болуп кеткенин билбей калганын, колундагы бычагы менен аялын бир нече ирет сайып, ал кыймылдабай жатып калгандан кийин төшөккө жаткырып, үстүн жаап, жанында бир аз отурган. Андан кийин кошунасына барып окуяны айтып берип, андан кийин милицияга кабар берген.

Сот отурумунда ал жасагандарын толугу менен мойнуна алып, кечирим сурап, мыйзам чегинде жеңилдик берүүнү суранган.

Айзаданын өлүмү

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, анын сөөгү 7-апрелде Чүйдүн Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, уурдоого шектелген киши аны футболкасы менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген. Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?