Ноокат: Эки окуучунун апасынан коронавирус аныкталгандыктан мектеп карантинге жабылды

Ош облусунун Ноокат районундагы Кожон Жолдошов атындагы орто мектеби 16-апрелден тарта аралыктан окутууга өттү. Окуучулар эки жума онлайн билим алышат.

Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акуш Асанов «Клоопко» билдиргендей, бул чечим коронавирусту адын алуу боюнча райондук штабдын жыйынында кабыл алынды.

«Эки окуучунун апасы мындан 2-3 күн мурун Бишкектен коронавирус жуктуруп келип, ооруканага жаткырылган экен. Эки окуучу апасы менен байланышта болду да албетте, бирок алардан оорунун белгилери байкала элек. Азыр алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Башка окуучулардын ооруп калуусун алдын алуу максатында мектепти жаптык», — дейт Асанов.

Буга чейин 15-апрелде Ош шаарындагы «Олимп» жана «Жетиген» мектептери эки жумага карантинге жабылган. Буга аталган мектептин бирден окуучусунан COVID-19 аныкталгандыгы себеп болгон.

Илдетти жуктургандар бир туугандар экендиги белгилүү болгон. Алар илдетти ата-энесинен жугузган. Окуучулар симптомдор башталганда сабакка келбей турушкан.

16-апрелге карата өлкө боюнча коронавирустун жаңы 230 учуру катталды. Анын ичинен үчөө Ош облусунан аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 91 374кө жетти. Оорудан 86 621 бейтап айыгып, 1 544 киши көз жумду.