Бишкек: НДПК добуш сатып алган деген айып менен шайлоодон четтетилди

«Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы» (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, партия шайлоо күнү, 11-апрелде добуштарды сатып алууга аракет кылган, андан сырткары үгүт жүргүзүп, шайлоо кампаниясын каржылоо тартибин бузган.

18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Клооп Медиа», «Жалпы иш» коомдук фонду жана 12 саясий партиядан келип түшкөн арыздарды караган болчу. Анын жыйынтыгында №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339чу участкалык шайлоо комиссияларындагы референдум боюнча шайлоо бюллетендерин кайра саноо чечими кабыл алынды.

Андан сырткары №1158 УШКда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынса, №1343 УШКда болсо жергиликтүү шайлоо менен референдумдун жыйынтыгын тааныбоо боюнча чечим чыгарылды. Ошондой эле, 24 УШКга эскертүү берилди.

Ал эми НДПК Бишкек АШКсынын чечимин негизсиз деп атады. Партия өз билдирүүсүндө мыйзам бузуулардын күмөндүү далилдери бардык процессуалдык ченемдерди одоно бузуу менен алынганын айтууда. Азырынча НДПКнын добуш сатып алганы боюнча бир дагы далил табыла электигин кошумчалашты.

«Биз НДПКга карата мындай тандалма мамилени түшүнбөй жатабыз. АШК бир партияны негизсиз далилдер менен шайлоодон четтетип жатат, ал эми АШК шайлоо мыйзамдарын одоно бузган башка партияларга талапкерлерди гана четтетип же эскертүү берүү менен чектелип жатат. Муниципалдык каражаттар партиялардын бирин колдоо максатында жумшалганы далилденсе дагы, Бишкек АШКсынын мүчөлөрү ага көңүл бурушкан жок», — деп НДПКнын билдирүүсүндө айтылат .

Добуш сатып алуу аракети

11-апрелде Бишкектеги №1208 шайлоо участкасында «Клооптун» байкоочусу милиция НДПК партиясынын эки өкүлүн кармаганын кабарлаган. Алардын унаасынан акча жана үгүт материалдары табылган.

Ошол күнү Биринчи май РИИБине аталган участканын алдында белгисиз киши 1000 сомдон таратып жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Ravon үлгүсүндөгү унаанын ичинде отурган аял менен эркек кишини кармашкан.

«Унаада Ю.Б. аттуу аял отурган, ошондой эле тинтүү учурунда салондун арткы отургучунда күрөң түстөгү капчык болгон. Капчыкта 18 миң 790 сом, 202 АКШ доллары, 4 миң рубль, айдоочунун күбөлүгү жана Э.А. аттуу жаранга таандык паспорт табылган. Мындан сырткары, акча которуу жөнүндө эки дүмүрчөк, эки банктык карта жана Ж.Б.га тиешелүү бир банктык карта табылган», — деп берилет Бишкек ШИИБнин билдирүүсүндө.

Биринчи май РИИБи бул окуя боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА

Жергиликтүү шайлоо: Бишкекте эки партиядан үч талапкер шайлоодон четтеди

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы