Кара-Сууда журналды караганы үчүн окуучуну сабаган мугалимге сөгүш жарыяланды

Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин дене тарбия сабагынан берген мугалимине сөгүш жарыяланды. Ал мындан бир жума мурун 8-класстын окуучусун журналды караганы үчүн кулагынан чоюп, денесине залал келтирген.

Аталган мектептин директору Гүлшайыр Карамованын айтымында, окуя боюнча атайын жыйын өткөрүлүп, мугалим окуучунун ата-энесинен кечирим сураган.

«Дене тарбиядан берген мугалимдин көптөгөн алкыш баракчалары да бар. Ошолор эске алынып, алгач сөгүш берилди. Мындай кайталана турган болсо анда жумуштан четтетилет», — деп түшүндүрдү Карамова.

Карамова окуучу мугалимдер канаасына кирип, класстык журналды барактап атканда дене тарбия мугалими көрүп калган дейт. Окуучу кирген убакта мугалимдер канаасында эч ким болгон эмес. Карамова мугалим тарбиялоо максатында окуучунун «кулагынан ушалап» койгонун айтат.

Окуя 13-апрелде болгон. Окуучу Кара-Суу аймактык балдар ооруканасына жаткырылып, учурда үй шартында дарыланып жатат.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Милициядан аталган берене боюнча мугалимге айып пул салына тургандыгын билдиришти.

Аталган берене боюнча мыйзамда 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул каралган. Ош ОИИБиден окуучунун денесиндеги жаркаттарын аныктоо боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын натыйжасында айып пулдун өлчөмү белгиленет дешти.

Тема боюнча:

«Кулагынан чоюп урган». Кара-Сууда окуучусун сабаган мугалимдин аракеттери териштирилет