Уу коргошундун кайнатмасы 4-даражадагы онкологиялык оорулууларга да берилүүдө — Бейшеналиев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл тамырынын кайнатмасы коронавирус менен ооругандардан тышкары 4-даражадагы (айыккыс) онкологиялык оорулууларга да берилип жатканын билдирди.

Анын айтымында, министрлик кайнатманы бейтаптар өздөрү сурап кайрылганда берип жатат.

«4-даражадагы [онкологиялык] бейтаптардын ар бир дарыгери, ар бир хирург аларды Ысык-Көл тамыры менен дарылаган табыптарга дайыма жөнөтүп келген. Алар дозасын билбегендиктен кайрылып жатышат. Бизде болсо [кайнатма] даяр да», — деди Бейшеналиев Kaktus.Mediaга.

Ысык-Көл тамыры

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Бийлик, тагыраак айтканда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду коронавирустан дарылануу үчүн колдонууну пландап жатышат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйынында түз эфирде уу коргошундун коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылып, анын кайнатмасын ичип алган. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу» деп айтылат.

Ошол эле учурда министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келерин дагы эскертип өткөн. Аконитке уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп, ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана жүрөк согуу ыргагы бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал.

Аконитти ичкенден кийин адамдын дене табы төмөндөйт, аритмия башталат, баш айланып адам калчылдап-титирейт. Дем жетпей, жүрөк токтоп калгандан адам өлүмгө дуушар болот.

Басма сөз жыйында министрдин уу коргошундун кайнатмасын ичкенин тарткан оператордун абалы начарлаган — бул уулу өсүмдүктү кайнатууда чыккан буудан улам болушу мүмкүн.

Журналисттердин тундурманын курамында канча уу коргошун бар деген суроосуна Бейшеналиев тундурманы президент экөө чогу кайнатып жатканын жана дозасын өлкө башчысы гана аныктаарын айткан.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүргөн — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:Медик, юрист жана активисттер Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты

Күндүн иллюстрациясы: Аконитмен — Кыргызстандын жаңы «куткаруучусу»