Башкы прокурор: Мамкаттоо кызматы эң коррупциялашкан мекеме

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик орган бул — Мамлекеттик каттоо кызматы экенин айтты.

20-апрелде Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында Башкы прокуратуранын 2020-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди.

Жыйында эл өкүлү Жыргалбек Турускулов 2020-жылы коррупциянын деңгээли боюнча кайсы мамлекеттик орган «чемпион» болгонуна кызыкты.

Зулушев 2020-жылы коррупция беренеси боюнча КЖБРге 42 материал катталганын айтып, козголгон кылмыш иштери боюнча маморгандардын тизмесин санап берди.

«Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жол министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. Бул мамлекеттик органдар башкаларга салыштырмалуу жарандар менен көп иштешет, мамлекеттик кызматтарды дагы көп көрсөтүшөт. Ошондуктан ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө мүмкүнчүлүк жаралат. [...] Бүгүн жашыруун эмес Кыргызстанда бардык мамлекеттик органдар коррупциянын сазына баткан», — деди ал.

Зулушев ошондой эле, Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 2019-жылы 180 мамлекеттин ичинен 126чы орунда болсо, 2020-жылы 124чү болуп эки позиция жогорулаганына токтолду.

«Рейтингде канчанчы орунда эмес, канча балл алганы баалуу болуп эсептелет экен. Былтыр 100 баллдан 31 балл алганбыз», — деди ал.

Ал ошондой эле, Кыргызстанда коррупциялык аракеттер негизинен мамлекеттик сатып алууларда болорун белгилеп, бул жааттагы мыйзамдар оңдолууга тийиш экенин айтты.

Буга чейин Улуттук Статистика комитети 2020-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгында эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп бажы кызматы табылганын кабырлаган.

*Мамлекеттик органдардагы коррупция -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелген.

Бажы кызматы биринчи жарым жылдыкта эң төмөнкү -15,4 балл алган, ал эми экинчи жарым жылдыкта болсо -16 баллга татыган. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы болсо коррупциянын деңгээли боюнча экинчи орунда болчу.