«Ажатканадан табылган бюллетендер». Ошто журналист Адыл Акжол уулу милицияга сурак берип чыкты

Адыл Акжол уулу

Журналист Адыл Акжол уулу Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын 10-бөлүмүнүн (экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы) тергөө кызматына сурак берип чыкты. Бул тууралуу Акжол уулу 20-апрелде фейсбукта билдирди.

Анын айтымында, ага суракка чакыруу берилген эмес. Ал эми сурак өзү ажатканадан табылган бюллетендерге байланыштуу болгонун белгиледи.

«“Көрдүңбү? Бардыңбы? Ким? Эмнеге? Айт, ким экен?” деген сыяктуу суроолорго жооп бердим. Түшүнүк кат жаздым. Мага чакыруу берилген жок! Оштун милициясы чакыруу баракчасын жиберип качан мыйзамга жакыныраак иштейт — белгисиз. Мага акыркы жылдары мындай көрүнүш кадимкидей эле болуп калды», — деп жазды журналист.

Акжол уулунун Youtube-каналында жарыяланган видеодо белгисиз киши мечиттин жанындагы ажатканада эки белгиленбеген шайлоо бюллетенин таап алганын айткан. Видеонун автору Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодо байкоочу болгонун айткан. Ал эми бюллетендерде №5904 шайлоо участкасынын мөөрү басылган.

Кийинчерээк бюллетендерди таап алган кишиге өзүн №5904 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү деп тааныштырган аял келген.

«Ошол боюнча бизде [маселе — редакция] болду да, каерден таптыңыз?» — деп суроо узатты аял. Ал эми видеонун автору бюллетендер ажаткананын кайсыл жерине бекитилгенин көрсөтүп берген.

Акжол уулу «Клоопко» курган маегинде, ага тургундар кайрылып, видеону жарыялоону суранышканын айтты. Анын айтымында, тургундар шайлоо күнү белгиси бар беткап тагынган шайлоочуларга белгиленген бюллетендер берилгенин айтышып, ашыкча болуп калган бюллетендер ажатканага бекитилген деп божомолдошкон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан журналист ажатканадагы бюллетендер боюнча күбө катары сурак берип чыкканын тастыкташты. Учурда бул факты маалыматты каттоо журналында каттоого алынган жана бул боюнча териштирүү жүрүүдө. Анын натыйжасында сотко чейинки өндүрүш ачылышы мүмкүн.

Ошондой эле милциянын басма сөз кызматы 10-бөлүм журналистти Ош ШИИБнин башкы тергөө кызматынын тапшырмасы менен чакырганын кошумчалады.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Алдын ала жыйынтык боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» (48,37%), «Улуттар Биримдиги» (17,8%), «Ыйман Нуру» (8%) жана «Ынтымак» (7,14%). Ал эми Акжол уулу талапкер болгон «Улуу Журт» партиясы 0,81% добушка ээ болгон.

«Белгиси бар» шайлоочулар

11-апрелдеги шайлоодо кээ бир шайлоочулар Оштогу №5217 участкасында белгиси бар беткап тагынып добуш беришкен. Ош шаардык кеңешке «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер Асранкул Жээнкулов жарыялаган видеодо ал шайлоочулардан «белгиси бар беткапты кайдан алышканын» сураган. Шайлоочулар алгач «ушундай беткап сатылып жатат» деп жооп берип, кийин алардын бирөөсү «домком бергенин» айткан.

Ал эми Оштогу №5171 участкасында УШКнын мүчөсү бир шайлоочуга жергиликтүү кеңешке шайлоо үчүн эки бюллетень берип салган. Эки бюллетенде тең «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына добуш берилген, бирок алар алдын ала белгиленгенби же шайлоочу өзү добуш бергенби белгисиз.

Мындай көрүнүш 2020-жылы парламенттик шайлоодо дагы байкалган. Айрым шайлоочуларга белгиси бар беткап берилсе, айрымдардын кийимдерине ийнелер сайылган. Бул ыкма менен партиялар өздөрүнүн шайлоочуларын белгилеп жатышканы айтылган. Ал эми шайлоо участогунда «белгиленген» шайлоочуларга алдын ала партияга добуш берилген бюллетендер берилген болушу мүмкүн.

Ал эми «Т-Медиа» басылмасынын журналисти шайлоочуга «Биримдик» партиясына алдын ала добуш берилген бюллетень берилгенине күбө болушкан. Ал эми бюллетенди берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү «белгини башка кагазга койгом деп, бул жакка коюп алыпмын деп, азыр башкага алмаштырып берем» деген.

Таштанды урнасынан табылган бюллетендер

Ошондой эле Бишкекте «Тазалыктын» кызматкери №1054 участкасына караштуу 50гө чукул белгиленбеген бюллетендерди таштанды урнасында таап алган.

Кийинчерээк Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы табылган бюллетендер контролдук болгонун жана алар эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогонун кабарлаган.