Бишкек АШКсы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулбаганын айтты

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын жергиликтүү шайлоого каттоо учурунда мыйзам бузду деп БШКны жана Бишкек АШКсын айыптаган сегиз саясий партиянын арызына жооп берди.

Бишкек АШКсы эмне дейт?

Комиссия «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамда шайлоого катышуучу партияларды каттоонун шарттарында чектөөлөр бар экенин белгилеген. Ага ылайык, пайда болгонуна жарым жылга жете элек партиялар каттала албайт. Бирок кайрадан катталган партияларга чектөө коюлган эмес.

«Берилген далилдерге ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн, бул саясий партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн», — деп Бишкек АШКсы билдирди.

Бишкек АШКсы берген маалымат боюнча, 2021-жылдын 11-мартында Бишкек АШКсы «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттаган.

Эки күндөн кийин, Керимбеков Бишкек АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган, бирок БШК Бишкек АШКсынын чечимин туура деп тапкан.

Мындан кийин «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылган. Бирок, 2021-жылдын 16-апрелинде сот «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Сегиз партия эмне деп билдиришкен?

Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо ат салышкан сегиз саясий партия 20-апрелде маалымат жыйын өткөрүп, Боршайком жана Бишкек АШКсы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын шайлоого каттоо менен мыйзам бузууга жол бергенин айтып чыгышкан.

КДК, Кыргызстан коммунисттик партиясы, «Улуу журт», КСП, «Улутман», «Айкөл», «Тынчтык» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетүүнү талап кылышкан.

Алар мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке же жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө чейин алты ай мурда катталган саясий бирикмелер шайлоого катышууга укуктуу экенин белгилешкен.

«Бирок “Ата-Журт Кыргызстан” 2021-жылдын 26-февралында «Единство народа» партиясынын базасында пайда болгон. Чынында бул жаңы түзүлгөн партия», — деп билдирген «Айкөл» партиясынын өкүлү Бакыт Керимбеков.

Мындан тышкары, партиялардын өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышты.

Бишкек шаардык кеңешин депутаттарын шайлоого 11-апрелде 26 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7% шайлоо босогосунан алты партия өтө алган, алар: «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары. Кийинчерээк НДПК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодон четтетилген.

«Ата-Журт Кыргызстан»

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы буга чейин бир да шайлоого катышкан эмес. Ал Кыргызстандын саясий майданында жаңы оюнчу. Партиядан 11-апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоого миңден ашуун адамдын талапкер депутаттык кызмат үчүн ат салышкан.

Партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкерлигин койгон. Анда Маткеримов талапкерлер тизмесинде 82-номерде барган.

Бул партиянын жети мүчөсү «Мекенчил» партиясынын тизмесинде болгон. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон.

Апрелдин башында Ош шаардык кеңешине аттанып жаткан беш партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурска жана добуш сатып алууга айыптаган.

«Баягы эле добуш сатып алуу болуп жатат. Баягы эле бийлик өкүлдөрү аралашып, ачык-айкын эле элди үгүттөп жүрүшөт. Ачык-айкын эле жерлерге шагыл төгүлүп, бир жумуштарын кылып берип жатышат. Убадаларды берип жатышат. Бул мыйзамга каршы келген аракеттер», — деп билдирген «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү.

Боршайком тийиштүү органдар текшерүүлөрдү жүргүзөт деп ишендирген. 26-мартта Бишкек АШКсынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун отурумунда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына карата «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча иш катталганы айтылган.