Уу коргошун пропагандасы: Министрдин үстүнөн түшкөн арыз ИИМге өткөрүлдү

Башкы прокуратура уу коргошун менен дарылоону жарнамалагандан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн түшкөн арызды ИИМге өткөрүп берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Прокуратура доо арыз активист Умай Арыкованын атынан түшкөнүн кошумчалады. Арыкова буга чейин өзү да министрди жоопко тартуу талабын айткан болчу.

Арыкова арызында Бейшеналиевди «Ден соолукка атайылап зыян келтирүү» беренеси боюнча жоопко тартууну өтүнгөн.

«Анын жоругу жолдо калсын, медицина тармагынын адиси экени дагы күмөн жаратат. Дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптаганына бир жыл болду, Кыргызстан бул апаатты өтө оор өткөрүп, мурдагы министрлердин шалаакылыгынан миңдеген мекендештерибиз бул дүйнө менен кош айтышты. Учурдагы министрибиз болсо текшерилбеген элдик каражаттарды пропагандалап, элдин баарын тобокелге салып, өлүмгө түртүп жатат. Мындай кооптуу каражаттар чындыгында вирустук инфекцияны дарылоодо колдонулушу мүмкүн эмес», — деп Арыкованын билдирүүсүндө айтылат.

Ушундай эле арызды активист Улуттук коопсуздук комитетине дагы жолдогон. Анда дагы министрди жоопко тартууну талап кылган.

Ошондой эле, прокуратура саламаттык сактоо министрлиги аконит менен дарылоо тууралуу суроого жооп бергенин кошумчалады.

«Саламаттык сактоо мекемелеринде COVID-19ду дарылоо жана дарт аныктоо төртүнчү, убактылуу клиникалык колдонмого ылайык жүрүп жатат. Анда тундурманы дары катары колдонуу каралган эмес», — деп билдиришкен прокуратурага саламаттык сактоо министрлигинен.

Ысык-Көл тамыры менен дарылоо

Президент Садыр Жапаров 16-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.

*Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Кийин Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын билдирген.

Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктаарын да билдирген. Кийинчерээк парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген. 

Уу коргошун менен дарылоо тууралуу мамлекеттик «Ала-Тоо 24» телеканалында дагы айтылган. Кийин медиакоомчулук жана көзкарандысыз эксперттер уулу тамыр тууралуу жаңылыктар сюжетин сынга алып, телеканалдын редакциясынын жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.