Чек ара чырынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 84кө жетти

Баткен облустук администрациясы. 29-апрель 2021-жыл. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Материал саат 24:35те жаңыртылды

Саламаттык министрлиги саат 24:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам жабыркаган кишилердин саны 84кө жеткенин кабарлады. Алардын үчөө каза болуп, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Ал эми калган кишилер октон алган ар кандай жаракаттары менен ооруканаларга жаткырылды. Тажикстандык ЖМКлар болсо жаңжалдан 31 киши жаракат алганын жана үч адам каза тапканын жазышты — жарадар болгондордун арасында Исфара шаарынын мэри да бар.

УКМКнын чек ара кызматы саат 23:45ке карата чыр чыккан аймакта ок атышуу токтогонун билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу келишимине келди

УКМК: Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын беш чек ара бекетине ок чыгарды

Өмүрбек Суваналиев: Лейлек районунда да атышуу башталды