Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылууда

«Клооптун» жеринде жүргөн кабарчыларынын айтымында кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында ок атышуулар уланып жатат. Окту «эки тараптын тең чек арачылары чыгарып жатканы» айтылды.

Учурда чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.

Тажик тарап камераларды албай койгондуктан чыр чыкты — Суваналиев

Чек арадагы чыр: Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар