Баткендеги окуялар кыргызстандыктардын биримдигин көрсөттү — Жапаров

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалга комментарий берди. Маалыматка ылайык, жаңжал чыккан тилкеде абал турукташып, президенттин көзөмөлүнө алынган.

«Мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулганын көрсөттү. Өткөн түнү Кыргызстандын көптөгөн жарандары чек ара аймагына барып, чыр-чатакты жөнгө салууга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү каалагандарын билдиришти», — деп Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы учурда Баткен облусунда биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган жумушчу топ иш алып барып жатат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлүп, натыйжада куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюлган.

«Учурда чек арага ыктыярчыларды жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандын жарандары бул ишти мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшыруусу керек. Чыңалуунун очогу жоюлду, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынды», — деп басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара чыры

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде айтылган маалыматтарга ылайык, «Головной» суу бөлүштүрүү каналынын көзөмөлү Кыргызстанга өткөн. Ок чыгаруу токтотуу макулдашуусу жетишилгенге чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев ЖМКларга Лейлек районунун Кулунду жана Максат айылдарында да атышуу башталганын билдирген болчу.

Мындан тышкары, УКМК Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салуу болуп, Кыргызстандын күч кызматкерлери буга жооп кылып тажик чек ара заставасын басып алганын билдирген.«Саат 17:00гө чукул тажик тарап “Капчыгай”, “Миң-Булак”, “Достук”, андан тышкары, “Кожогар” жана “Булак-Башы” чек ара заставаларын аткылап баштаган. Миномёттук аткылоодон улам Баткендин чек ара отрядынын “Достук” заставасы өрттөнүп баштаган.

Тажик күч түзүмдөрүнүн аракеттерине жооп катары Кыргызстандын Чек ара кызматынын атайын багыттагы «Бөрү» отряды Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын басып алган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына кошумча күчтөр жана каражаттар тартылууда», — деп мекеме билдирди.

УКМК берген соңку маалымат боюнча, 29-апрелде атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын үч жоокери тажик тарап менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө шейит болду. 22 жоокер ар кыл оордукта жарадар болгон. Эки жоокердин абалы оор бойдон калууда.

Эвакуация жана жабыркагандар

Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.

«Кыргызстандын Кызыл Ай коому эвакуацияланган адамдар жайгаштырылган жерлерге барып, адамдар эмнеге муктаж экенин карап, керектүү эсептерин жүргүздү. Азыркы учурда төрт мектепке 631 киши, анын ичинен 409 бала жайгаштырылган. 193 жаран Кызыл-Жол кичирайонунда, 18 киши Баткен шаарында бир туугандарынын үйүндө башпаанек алышты. Көчүрүлгөн жарандардын арасында жаңы төрөлгөн балдар жана кош бойлуу келиндер да бар», — деп кайрымдуулук уюму билдирди.

Саат 30-апрелде саат 7:50гө карата алынган маалыматтар боюнча, 13 кыргызстандык набыт болгон, алардын бири Лейлектин 2008-жылы туулган тургуну.

Жабыркагандардын саны 134 адамга жеткени белгилүү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандары орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык абалда деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы жеке булактарына таянып, 90дан ашуун адам жабыркап, 10го жакыны каза тапканын кабарлаган.