Жаңырган октор, өрттөнгөн үйлөр. Лейлекте абал кандай?

Баткен облусунун Лейлек районунда ок атуулар 30-апрелге караган түнү башталган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ок Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук жана Жаштык айылдарында ок жаңырган.

Милициядан Арка айылында жолдун боюнда жайгашкан май куючу жайлар жана соода түйүндөрү өрттөлгөнүн билдиришкен. Кийинчерээк соцтармактарда тажикстандыктар Максат айылындагы «үйлөрдү жана аскер бөлүкчөнү өрттөп салганы» тууралуу видеолор жарыяланды.

Видеону Тажикстандын жараны тарткан. Ал комментарий берип жатып «мына Максат», «мына аскер бөлүгүңөр», «мына үйлөрүңөр өрттөнүп жатат» деп айткандарын угууга болот.

Ал эми Максат айылынын тургуну алгач тажикстандык аскерлер аларды аткылап, Максат айылын курчаганын кабарлады. Анын айтымында, кыргызстандыктар аймактан чыгып кеткенден кийин Тажикстандын аскерлери үйлөргө өрт койгон.

«Максаттагы аскер бөлүгүн толугу менен күйгүзүштү. Бардык тургундар качып кетүүгө үлгүрүштү. Алгач бизди аткылашты, эми айылды курчап, үйлөрүбүздү өрттөп жатышат. Биз эсептедик саат 01:00го 16 үйдү өрттөштү», — деген ал.

30-апрелдин эрте мененки саат 6:00 чамаларында Арка айылынын тургуну фейсбук акканту аркылуу тажикстандыктар ок атууну жандантканын билдирип, видеону кошо жарыялаган. Анда бир нече май куючу жай өрттөнүп турганын көрүүгө болот.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Саатбек Эгембердиев «Азаттыкка» маек куруп, жергиликтүү тургундар Тажикстандын жарандары аскер унааларында келип дүкөндөрдү тоногонуна күбө болушканын айтты. Ошондой эле, Эгембердиев тажикстандык аскерлер Бурхан Набиев атындагы орто мектебин миномёт менен атышканын кошумчалады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Лейлек районунан коопсуз аймакка 13,5 миң киши эвакуацияланганын билдиришти.

Кийинчерээк Баткен облусунун милициясы тажикстандыктар Лейлек районунун Интернациональ (Борбордук) айылындагы үйлөрдү да кыйроого учуратышканын билдирди. Тажик аскерлери аталган айылдын «Жилой дом» участкасындагы кыргызстандыктардын турак-жайларына бастырып кирип, айрымдарына от коюшкан.

Ошондой эле өкмөт өкүлчүлүгүнөн тажикстандыктар аймакка жакын жердеги эки кыргыз жаранын каза болуп-болбогонун тактоо максатында тажик тарапка барганда Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алынганын билдиришти.

Ал ортодо Sputnik Тажикстан Исфара акимиатындагы жеке булагына таянуу менен бул маалыматты төгүндөдү. Анткен менен Тажикстандын расмий күч органдары бул тууралуу комментарий беришкен эмес.

Түштөн кийин соцтармактарда Тажикстандын жарандары Арка айылындагы айрым үйлөрдү экскаватор менен бузуп жатканы тартылган видеосу тарады. Видеодо ондогон тажикстандыктарды көрүүгө болот — алардын арасында аскерлер дагы бар.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап Арка айылындагы бир нече үйдү бузуп кеткенин тастыктады. Ошондой эле ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажикстандыктар кыргыз айылдарынан чыгып кеткенин билдирди.

Суваналиевдин айтымында, жалпысынан Лейлек районунун беш айылына — Саада, Максат, Жаштык, Борбордук жана Арка кол салуу болгон. Ал жерде үйлөр, май куюучу жайлар жана соода түйүндөрү өрттөнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек районунда расмий түрдө 12 үй өрттөнгөнүн тастыктады — анын 10у Максат айылында, экөөсү Кулундуда.

Баткен районундагы Көк-Таш айылында 29-апрелде болгон куралдуу кагылыштан кийин Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрликтери ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку абалга алып кетүү келишимине жетишкен. Ага карабастан ок атышуулар токтогон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тынчтыкка каршы кылмыш». Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча иш козгоду