ССМ: Чек арадагы ок атуулардан каза болгондордун саны 35ке жетти

Баткен району, 3-май. Сырта калып кеткен бут кийим. Сүрөт: Айбике Адилет кызы

Кыргыз-тажик чек арадагы ок атуулардан жабыркагандардын саны 3-май саат 11:00гө карата 184 адамды түзүп, алардын ичинен 35 кыргызстандык каза болгон. Алардын арасында бир өспүрүм кыз да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.

Солтонбекова учурда Республикалык саламаттык сактоо мекемелеринде жалпы 99 адам дарыланып жатканын билдирди. Алардын бирөөсүнүн абалы өтө оор болсо, дагы экөөнүкү орто оор.

«Жабыркагандардын бардыгына тиешелүү түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Алардын көпчүлүгү үйлөрүндө амбулатордук түрдө дарыланып жатат. Дары-дармек, кандын өлчөмү жетиштүү түрдө бар», — деди ал.

30-апрелден 2-майга чейин республика боюнча 652 адам кан тапшыруу үчүн кайрылган. Алардын 469у кан тапшырган.

Солтонбекованын айтымында, жабырлануучуларга 10 дарыгер психологиялык жардам көрсөтүп жатат. Ал эми 81 дарыгер чек арада чыккан жаңжалда жеринде жардам көрсөткөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан Ак-Сай, Актатыр, Карабак, Самаркандек, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кулунду айылдарынан 33 388 киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар.

Тажикстандын бийлиги өз тарабынан канча киши каза болгону жана жабыркаганы жөнүндө расмий маалыматтарды бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгон.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган, 29-апрелде эки тарап бири-бирине таш ыргытуудан тышкары, курал-жарак колдонулган кагылышуулар башталган.

Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген.

Кыргыз-тажик премьерлери, атайын кызматтар жана президенттер чек арадагы акыбал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Казакстан, Өзбекстан, ЖККУ жана БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.