Жапаров Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Москвага бармай болду

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 10-майда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууга байланыштуу кырдаалды талкуулашты. Путин Орусия чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары макулдашылды. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат», — деп жазылат маалыматта.

Жапаровдун иш сапарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт. Ошондой эле, тараптар коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иштерди жана Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү чараларын талкуулашат.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырын чечүүдө ортомчулук ролду аткарып берүүгө даяр экенин билдирген.

Жапаровдун Орусияга болгон алгачкы иш сапары быйыл 24-25-февраль күндөрү болуп, Владимир Путин менен кыргыз-орус мамилелерин талкуулаган.

Чек арадагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Путин курч маселелерди чечүүдө калыс болуп берүүгө даяр — Песков

Путин жана мекендештер менен жолугушуу — Жапаровдун Москвага болгон алгачкы сапары кандай өттү?