«Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды «Кыргызстандын тынч жарандарына каршы жасалган аскердик кылмыш» деп баалап, Баткен облусундагы чогулган материалдарды 10-майда акыйкатчы Токон Мамытовго өткөрүп берди.
Уюмдун кызматкерлери майдын башында Баткен облусуна барып, Тажикстандын күч органдары тарабынан барымтага алынып, кыйноолорго кабылган кыргызстандыктар менен жана жаңжалдан жабыркаган тургундар (алардын ичинде аялдар жана балдар бар) менен жолугуп, тиешелүү материалдарды жана сүрөт-видеолорду топтоп келишкен. Ошондой эле жабырлануучуларга эки сутка бою психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлгөн.
«Кызматкерлер жабыркаган тургундар менен жолугушуп, Тажикстан тарабынан кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге кабылган жарандарды коргоого киришип баштады. Укук коргоочулар физикалык жана психилогиялык жаракаттарды Стамбул протоколуна ылайык өз убагында каттоо маанилүү болгонун белгилешти. Укук коргоочулардын байкоолоруна ылайык, жабыркаган жарандар өзүнүн жеке жана процессуалдык коопсуздугуна чочулап турушат, себеби алар чек арага чектеш аймактарда жашайт. Алардын суранычы менен алардын жеке маалыматтары жарыяланбайт», — деп билдиришти «Бир Дүйнө Кыргызстандан».
Учурда «Бир Дүйнө Кыргызстан» уюмунун жактоочулары кыйноолорго кабылган кишилерге Стамбул протоколун толтурууга көмөк көрсөтүүдө.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ош шаары жана облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Худояржан Нарматов ар бир адам кулчулук жана катаал мамиледен эркин болууга укуктуу болгонун белгиледи.
«Физикалык кол салуу адамдын ден соолугуна терс таасир этет, ал оорулардын пайда болушуна же өнөкөт оорулардын күчөп кетишине алып келет. Психологиялык таасирдин кесепеттери өмүр бою калат. Жабыркагандар ар тараптуу реабилитацияга муктаж», — деген пикирде Нарматов.
Андан сырткары топтолгон материалдар Башкы прокуратурага да өткөрүлүп берилмекчи.
*Стамбул протоколу — кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамилелер фактыларын эффективдүү иликтөө же документтештирүү боюнча колдонмо. Кыйноолордун издерин аныктоодо дарыгерлер, соттук-медициналык кызматкерлер жана психологдор катышат.
Буга чейин Кыйноолорго каршы коалиция барымтага алынган кыргыз жарандары Тажикстандын Гафуров районунун милиция кызматкерлери тарабынан эки күн бою ур-токмокко алынганын билдирген.
«Аларды эки сутка бою сабашкан. Акырында тажик тилинде алдын ала даярдалган документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Барымтага түшкөндөрдүн бири тажик тилин түшүнгөн, ал жерде алар мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган деп жазылган. Бирок чындыгында аларды өз үйлөрүнөн Тажикстандын аймагына алып кетишкен», — деп айткан Кыйноолорго каршы коалициянын өкүлү Равшан Абдуллаев
10-майда Башкы прокуратура 10 кыргыз жаранынын барымтага алынышы боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган. Буга чейин Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Мындан сырткары, Кыргызстандын укук коргоо органдары Баткендеги куралдуу жаңжал боюнча 11 кылмыш ишин козгогон.
Барымтага алынган 10 кыргызстандык
Тажик аскерлери Баткен облусунун Лейлек районунун 10 тургунун барымтага 30-апрелде алышкан. Алгач Тажикстан бул маалыматты четке каккан, бирок кырдаал турукташкандан кийин тажик күч түзүмдөрү барымтадагы кишилерди мекенине кайтарышкан.
Барымтада болгон кишилердин бири Илъяз Жалилов «Клооптун» журналисттерине маек курду. Анын айтымында, Тажикстандын аскерлери анын үйүн өрттөп, коңшулары менен кошо барымтага алышкан.
«Тажиктин аскерлери кирип келди, 5-6 бала. Кирип келип мени кармады дагы, колдорумду, оозумду байлады. Башка бөлмөгө алып чыгып, менен “ширенке барбы” деп сурады, “жок” десем, зажигалкасы менен чоң үйдөгү көрпөчөлөрдү күйгүздү. Кийин ылдый жакта туш кийиздер бар эле, аларды күйгүзүп анан мени эшикке алып чыгышты», — деди Жалилов.
Кийинчерээк аскерлер тургун жана анын кошуналарын короодо турган вагонго алып киришип сабашкан. Ошондой эле Жалилов тажикстандыктар өрттү өчүрүүгө келген жергиликтүү тургундардын унаасына ок чыгарганын билдирди — андан Интернационал айылынын эки тургуну каза тапкан.
Мындан кийин алар кыргызстандыктарды Тажикстандын чек ара заставасына, кийинчерээк Гафуров райондук милициясына алып барышкан.
«Бардыгыбыздын көздөрүбүздү байлап, унаага чыгарып, бир жерге алып барып бизден сурак алды. Сурак алгандан кийин дагы унаага чыгарып дагы алып кетти. Гафуровдогу милицияканага алып барган экен. Андан кийин [барымтага алынган] дагы бир баланы кошту. Алтообузду дубалга такап алып таңаткыча сабады, таяк менен сабап, тепти, урду. Барганыбыздан таңаткыча бизге дем берген жок да», — деди тургун.
Кийинчерээк туткундарга Максат айылынын бир тургуну жана Интернационалдын үч тургуну кошулган — алардын арасында айыл башчы Мырзабек Жумабаев да болгон. Жумабаев каза болгон эки кыргызстандык тууралуу маалыматты тактоо үчүн тажик тарапка барганда колго түшкөн.
Барымтага алынган тургундар 1-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. Учурда алар Исфана шаардык ооруканасында дарыланып жатышат.
Куралдуу жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.
Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.
Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.
Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.
Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.